Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
06:19
Күн чыгышы
07:54
Бешим
13:16
Аср
16:54
Шам
18:42
Куптан
19:57

Ооганстанда мейманканага кол салуу болду

Кабулда жаңы бир мейманканага куралдуу кол салуу болду.
Ооганстандын борбор шаары Кабулда жаңы бир мейманканага куралдуу кол салуу болду.

Ооган жоопту кызматкерлери 12 сааттан көпкө созулган кол салуунун бардык кылмышкерлердин өлтүрүлүшү менен соңуна чыкканын жарыялашты.

Мейманкага ашканадан кирген кылмышкерлер коопсуздук күчтөрү менен кагылыша кетти.

Мейманкананын биринчи кабатында ок атышуу башталганда кылмышкерлер үстүңкү кабаттарды көздөй качышты.

Ооганстандын атайын кыймыл күчтөрү келип мейманкананы курчап кылмышкерлерди кармоо үчүн операция баштатты.

Бул учурда кылмышкерлер айрым бөлмөлөрдү өрттөп жиберип, клиенттерден кээ бирлерин барымтага алышты.

Эртең менен соңуна чыккан операциядан кийин ооган жооптуу кызматкерлери 3 кылмышкердин өлтүрүлгөнүн, бирөө чет элдик 5 жаран каза тапканын жарыялады.

Кол салууну азырынча моюнга алган эч ким боло элек.