Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:03
Аср
17:23
Шам
20:16
Куптан
21:23

Сауд Арабияда аялдар үчүн алгачкы автосалон ачылды

Сауд Арабиянын Жидда шаарында алгач ирет кыз-келиндерге арналган автосалон ачылды. Анткени өткөн жылы кузүндө сауд королдугу айымдардын унаа айдоосуна тарыхта алгачкы жолу уруксат берген.

Автосалон саудиялык аялдар арасында өтө кызыгууну пайда кылды. Салонго келгендердин айтымында, алар автоунаа колдонгонго дайыма кызыгышкан. Бирок, өлкөдөгү тыюудан улам бул кыялдары ишке ашпай келген.

Жаңы ачылган автосалондо жалаң гана үнөмдүү унаалар сатыкка коюлган. Ал эми келген кардарларды да жалаң айымдар тейлеп жатат.

Эске салсак, өткөн жылы сентябрда Сауд королу аялдарга айдоочулук күбөлүк берүүгө атайын жарлык чыгарган. Ага чейин Сауд Арабия айымдардын унаа айдоосуна тыюу салган жалгыз өлкө катары таанымал болчу.