Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:03
Аср
17:23
Шам
20:16
Куптан
21:23

Түркмөнстанда көзү ачыктарды милиция кармап кетүүдө

Түркмөнстанда көчө жээктеринде отурган көзү ачыктарды милиция кармап кетүүдө. Бул атайын рейд борбор калаа менен бирге аймактарды да өзүнө камтыйт.

Жергиликтүү басылмалар көзү ачыктарга милиция айыппул салганын жазат. Тагыраак айтканда, ар бирине 10 доллардын тегерегинде айыппул салынган. Милициялардын мындай аракетин, жергиликтүү калк министрдин буйругу менен түшүндүргөн. Анткени милицияларга кантип болбосун казынаны толтуруу тапшырмасы берилгендиктен, алар көзү ачыктардан бери кармап, айыппул салышууда,-дешет жергиликтүү тургундар.

Маалым болгондой, Түркмөнстанда 2016-жылы көзү ачык, элдик табып, экстрасенс, астрологдор тууралуу рекламаларды илүүгө тыюу салынган. Мамлекет бийлиги муну калктын башын айлантып акча табуу жолу деп атаган.