Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
06:19
Күн чыгышы
07:54
Бешим
13:16
Аср
16:54
Шам
18:42
Куптан
19:57

Элчи Рузбехани: Кыргыз ишкерлери Иранга эт экспорттосо болот

Иран менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык алаканын орногонуна 25 жыл толду. Бул юбилейдик датага байланыштуу Ирандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Али Можтаба Рузбехани ЖМК өкүлдөрү менен маалымат жыйын өткөрдү. -Иран Кыргызстан менен кызматташууда кайсы тармакка артыкчылык берет?

Мен муну бир сөз менен айта алам. Анткени биз үчүн Кыргызстан менен бардык тармактарды кызматташтык маанилүү болуп саналат. Алардын ичинен саясий карым-катнашты сактап калууну да айтсак болот. Ал эми экономикалык жана соода-сатык тармагындагы кызматташтык азыркы тапта начар. Мына ошондуктан биз азыр аталган тармакты өнүктүрүүгө өзгөчө маанилүү деп атай алабыз. Мындан сырткары контрабанда, терроризм боюнча да кызматташтыкты жандантууга кызыктарбыз. Анткени региондун тынчтыгы биздин да тынчтыгыбыз болуп саналат.

-Сиз жогоруда айткан экономикалык жана соода-сатык мамилеси өнүксө, кыргыз ишкерлери Ирандын базарына эмнелерди сата алышат?

-Кыргыз ишкерлери азыркы тапта айыл-чарба продуктуларын Иранга экспорттосо болот. Алардын ичинен эт, картошка жана ушул сыяктуу айыл-чарба өнүмдөрүн мисал кылат элем. Ошол эле учурда ирандык ишкерлер менен биргелешкен ишкана ачышып, бир эле Иранга эмес, андан ары башка өлкөлөргө да экспортко чыкса болот.

-Иран Ислам Республикасы менен Кыргызстандын учурдагы президенттеринин бири-бирине боло турган визиттери жакынкы аралыкта пландалганбы?

-Азыркы тапта бул тууралуу айтуу кичине эртерээк. Анткени Иран Ислам Республикасындагы президенттик шайлоонун бүткөнүнө аз эле убакыт болду. Кыргызстандын президенти да жаңы эле шайланып, башкарууну эми колго алды. Бирок ошого карабастан биз жакынкы аралыкта бул маселени көтөрөбүз демекчимин. Ал эми эки өлкөнүн ортосундагы 25 жылдык алаканы алганда, бул аралыкта эки өлкөнүн президенттери бири-бирине ар дайым барып-келип турат. Ирандын президенти Хасан Роухани өткөн жылы Кыргызстанга келгенде, ал кезде Жээнбеков мырза өкмөт башчы эле. Экөө жолугушуу өткөрүп, анда бир катар олуттуу маселелер чечилген.