Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:22
Бешим
13:02
Аср
18:19
Шам
21:04
Куптан
22:17

АРИТМИЯ – ЖҮРӨКТҮН СОГУУ ЫРГАГЫНЫН БУЗУЛУШУ. Эмнеден келип чыгат? Кантип дарылашат?

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ.Жүрөк жай, бат-баттан же баш-аламан согот
Баш айланат, көз караңгылайт же эси ооп кулайт
Демигет
Тамагына бир нерсе туруп калгандай болушу мүмкүн
Жүрөк токтоп өлүм күтүлүшү ыктымал

ДАРЫЛАБАСА ИНСУЛЬТКА ЖЕТКИРЕТ

Аритмия – бул жүрөктүн согуу ыргагынын бузулушу. Башкача айтканда, жүрөктүн жыйрылып согуусуна жеткирүүчү импульстун пайда болушунун же анын таркашынын бузулуусунан улам жүрөктүн тездеп, жайлап же баш-аламан согуп калуусу. Аритмияда өз убагында текшерилип жана дарыланбаса баш мээнин инсультуна, жүрөктүн өнөкөт алсыздыгына же өлүмгө чалдыгуу толук мүмкүн.
Импульс кайдан жаралат? Жүрөк 4 камерадан, 2 дүлөйчө, 2 карынчадан турат. Оң дүлөйчөдө синус түйүнү жайгашкан. Импульс ошол жерде пайда болуп, атриовентрикулярдык түйүнгө (дүлөйчө менен карынча ортосундагы түйүн) барат. Анан Гис тутамы (пучок) жана анын оң жана сол бутактары аркылуу карынчаларга тарайт. Импульс барып жүрөк булчуңуна жеткенде жүрөк жыйрылат, согот. Жүрөктүн согуусу мүнөтүнө чоң адамдарда 60-100, жаш балдарда 100дөн ашык, ымыркайларда 140-160 болсо калыптагыдай деп саналат.

ИМПУЛЬСТУН ЖАРАЛЫШЫ

Синус түйүнү
Гис тутамы жана анын оң, сол бутактары
Атриовентрикулярдык түйүн (дүлөйчө жана карынча ортосундагы түйүн)

АРИТМИЯНЫН МЕХАНИЗМИ

1-механизми. Импульстун тез-тезден пайда болуусу карынчанын же дүлөйчөнүн ичинде токтобой айланып калышы тахикардияга алып келет.
2-механизми. Синус түйүнүнүн алсыздыгынан же атриовентрикулярдык түйүндүн (дүлөйчө менен карынча ортосундагы түйүн) же Гис тутамы жана анын оң жана сол бутактарынын оорусуна байланыштуу импульстун карынчага өтпөй калгандыгы брадикардияга алып келет.
3-механизми. Жүрөктүн дүлөйчөсүндө же карынчасында патологиялык импульс пайда кылган жердин (очаг) жаралуусу экстрасистологияга алып келет.

АНГИНА, СТРЕСС, ИЧИМДИКТЕР АРИТМИЯГА ЖЕТКИРЕТ

Дарттын келип чыгышын төмөнкүлөр шарттайт:

Инфекциялык оорулар (ангина, грипп) өтүшүп кетип, жүрөккө терс таасир бергенден улам.
Тубаса жүрөк оорулар (WPWсиндрому, түйүндүү тахикардия, Бругада синдрому ж.б.).
Жүрөктүн клапандарынын ооруларынан да жаралышы мүмкүн.
Жүрөктүн ишемиялык оорулары (инфаркт, стенокардия) өмүргө коркунуч туудурган аритмияга алып келүүсү мүмкүн.
Стресс, физикалык-эмоционалдык жактан чарчоо.
Алкоголдук ичимдиктерди дамамат ичүү (ичимдиктин уулары жүрөктүн булчуңунун иштешине терс таасир этет).
Гормоналдык системдин бузулуусу (калкан сымал бездин оорулары).
Электролиттик (организмдеги калий, натрий, кальций жана башка) заттардын тең салмагынын бузулушу.
Кан басымдын жогорулашы да аритмияга жеткирүүсү мүмкүн.
Дары-дармектерди белгиленген өлчөмүнөн (доза) көп ичүү.

ДАРТТЫН ТҮРЛӨРҮ

1. Брадикардия – жүрөктүн жай согушу (чоң адамдарда күндүзү мүнөтүнө 60тан аз). Жүрөк жай согуп калат, эгер синустук түйүн импульсту жайдан чыгарып калса, импульс курчалып калса (блокада, импульс жүрөктүн карынчасына жетпей калат).

2. Тахикардия – жүрөктүн бат-баттан согушу (мүнөтүнө 100 жана андан ашык). Жүрөк дүлөйчөсүнүн жана жүрөк карынчасынын тахикардиясы болот.

3. Пароксизмалдуу тахикардия – жүрөк бир учурда себепсиз эле тездеп кагып (мүнөтүнө 180-220 ирет ) жана бир учурда токтоп калат. Бул дарт радиожыштыктуу аблация ыкмасы менен толук айыгат.

4. Мерцателдик аритмия. Мында жүрөк бирде брадикардия, бирде тахикардиядай болуп согот. Бул 2 суткадан ашык созулса инсультка алып келүүсү ыктымал. Андыктан токтоосуз дароо канды суюлтуучу дарыларды ичүү, врачка барып текшерилүү, дарылануу зарыл (инсульттун алдын алуу үчүн).

ДИАГНОЗ КОЮУ

Электрокардиография (ЭКГ)
Суткалык ЭКГ
Кызыл өңгөч аркылуу стимулдоо
Электрдик-физиологиялык изилдөө
Тери астына кадалуучу монитор (3 жыл жүрөктүн согушун текшерип турат, аритмия болгон учурда гана автоматтык түрдө жазат)

ДАРЫЛОО ЫКМАЛАРЫ

1. Дары-дармек менен.
2. Операция жолу менен.

а) Радиожыштыктуу аблация ( радиочастотная аблация, РЧА). Бул ыкма бардык тахикардияларда колдонулат жана 100 пайыз жыйынтыкка ээ болуп, аритмиядан кутулууга болот. Ыкмада жоон сандын тамыры аркылуу электрод жүрөккө киргизилет. Операция 30 мүнөттөн 2 саатка чейин созулат. Ооруну сездирбөөчү дары сайылат. Жалпы наркоз берилбейт. Операциядан кийин 2 күндө үйүнө чыгарылат. Аритмияга каршы дары ичүүдөн биротоло кутулат.
б) Көкүрөктү ачып, аритмия булагын жок кылуу боюнча операция. Бул ыкма Кыргызстанда жок.

3. Электрокардиостимулятор (ЭКС, имплантация) тагуу. Жүрөк жайдан кагып калган учурда тагылат. Аппарат жүрөктүн булчуңун активдештирүү үчүн импульстарды иштеп чыгарып, жүрөктүн калыптагыдай согуусун шарттайт. Акырек сөөктүн асты 3-4 сантиметр кесилип, чөнтөкчө жасалат да ал жерге ЭКС аппараты орнотулат. ЭКСтен чыккан электрод вена кан тамыры аркылуу жүрөктүн ичине жеткизилет. 10-15 жылда бир алмаштырылат (батареясы түгөнгөндө). ЭКС адамды майыптыкка алып келбейт. Электр аппараттарын колдонууга толук болот.

4. Кардиовертер – дефибриллятор. Жүрөктү өлүмгө алып келүүчү аритмия пайда болгондо электр разрядын берип, жүрөктү кайра жандандыруучу аппарат. Тагуу, колдонуу мөөнөтү жогоркудай эле.

АРИТМИЯНЫН АЛДЫН АЛУУ

• Адам тамырын кармап жүрөгүнүн согуу ылдамдыгын текшерип турушу зарыл. Жүрөк калыптагыдай какпаганы билинсе, кардиологго текшерилип, дарылануу зарыл.
• Сергек жашоо образын кармануу сунушталат.
• Психикалык-физикалык жактан чарчоодон алыс болуу керек.
• Дары-дармектерди дозасынан ашыкча ичпөө кажет.