Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Египетте 15 террорчу өлүм жазасына тартылды

Египетте 15 террорчу өлүм жазасына тартылды. Алар 2017-жылы Синай жарым аралында болгон терактты уюштургандыгы аныкталган. Ошол окуяда 9 аскер кызматкери жана 300 жай тургундар көз жумган.
Анда Египет президенти Абдул-Фаттах Ас-Сиси өлкөнү светтик нукта өнүктүрүүнү көздөп, аскерлерге үч ай ичинде исламды жамынган куралчан күчтөрдү жок кылууга буйрук берген.
Бул андан бери эң көп адамдын өмүрүн алган массалык дарга асуу болду. Соңку учурларда, Каирде ондогон адамга өлүм жазасына тартуу өкүмү чыгып келет. Алардын көпчүлүгү ар кандай экстремисттик топтордун мүчөлөрүнө карата чыгарылат.Декабрь айынын башынан бери өлкөнүн кылмыш жаза соту 30 адамды өлүм жазасына тарткан. Учурда бул иштер жогорку муфтийдин кароосунда.