Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Кудуста каза болгон палестиналыктардын саны 12ге жетти

АКШ Кудусту Израилдин борбор шаары деп тааныгандан кийин аймакта болгон күч колдонулган окуялардан каза тапкан палестиналыктардын саны 12ге жетти.

Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, 15-декабрда Газанын Израиль чек арасында Израиль аскерлери тарабынан атылган октон 19 жаштагы Мухаммед Сами Fль Дахдух көз жумду.

Дахдухтун өлүмү АКШнын президенти Трамптын 6-декабрда Кудусту Израилдин борбор шаары деп таанышы жана элчиликтин Тель-Авивден бул шаарга көчүрүү буйругун бергенден кийин аймакта курчуган күч колдонулган окуялардан каза тапкан палестиналыктардын санын 12ге жеткирди.

2си жума күнү болуп жалпы 10 палестиналык митингчи, Израиль күчтөрү менен болгон кагылышууларда өлтүрүлгөн болчу.

Израилдин айдын башында Газага карай абадан кол салууларында да 2 палестиналык көз жумган.