Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:22
Бешим
13:02
Аср
18:19
Шам
21:04
Куптан
22:17

Майонез — зыяны көп, эч пайдасы жок азык

Дүйнөдөгү эң көп колдонулган соустардын бири бул майонез. Анткени ашканада бул соусту колдонбогон айымдар дүйнөдө аз эле болсо керек. Бирок, көпчүлүгүбүз майонездин пайда жана зыянына көп маани бербейбиз. Албетте, айрымдар майонезди үй шартында өз колу менен жасашат. Ал эми көпчүлүгү майонезди дүкөндөрдөн, базарлардан сатып алышат. Бирок адистердин айтымында, үйдө жасалганы да, базардан сатып алынганы да ден-соолук үчүн зыяндуу.
Биринчи эле кезекте майонез өзүнүн составындагы майы менен ден-соолукка зыянын тийгизет. Анткени майонездин курамынын тең жарымы майдан турат. Мисалы сиз 100 гр майонез колдонгон болсоңуз, анда сиздин организм 45-55 гр майды өзүнө сиңирген болот. Мындай көлөмдөгү майды айрым спорт түрүндөгү спортчулар диета үчүн гана колдонушат. Ашыкча майлар организмге бат жайгашып, холестеринди пайда кылат жана акырындап, жүрөк ооруга жол ачат.
Экинчиден майонездин курамындагы өсүмдүк майынан улам да организмдеги зат алмашуу процесси өтө жай болот. Ошондой эле, өсүмдүк май арзан жана ден-соолукка эч кандай пайдасы жок.
Ал эми үй шартында даярдалган майонезди толугу менен зыян деп айтуудан адистер алыс болушат. Анткени анын кошулмаларын өзүңүз көзөмөлдөп турасыз жана заводдо даярдалгандардан бир топ айырмаланат. Тагыраак айтканда, зыяны азыраак болот. Бирок, адистер дүкөндөн чыккан майонезде консерванттардын көптүгүн эскертет. Ошондой эле майонезди өндүрүүдө жумуртканын порошогу жана ден-соолукка кооптуу делген E160 тамак-аш боёгу колдонулат. Бул ыкма майонездин идиште алты айга чейин сакталуусуна жардам берет.

Жыйынтыктап айта турган болсок, адистер майонездин бир да пайдалуу касиети жоктугун эскертет. Бирок, такыр эле майонезден баш тартууну сунуштабайт. Эгер сиз майонези жок салатты жаңы жылдык дасторкондо элестете албасаңыз, анда аны сатып алууда курамына маани бериңиз. Дүкөндөгү майонездин курамында крахмал жок болгонун алсаңыз, ден соолугуңузга болгон зыян бир топ азаят. Ал эми үй шартында мүмкүнчүлүгүңүз болсо, анда майонезди колдо жасоо дагы да жакшыраак.