Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн сегизинчи отуруму өтүп жатат

Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн сегизинчи отуруму өтүп жатат. Ага гарант өлкөлөр Орусия, Иран жана Түркия мамлекеттеринин делегаттары катышууда.
Байкоочу катары БУУнун өкүлдөрү, АКШ жана Иорданиянын делегациясы келген. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Сирия аймагында түзүлгөн тынчтык зоналарынын ишин, ок атууну токтотуу режимин контролдоо маселерин талкуулашат.
Андан тышкары, өткөн отурумда ачык бойдон калган туткундарды жана каза болгондорду өткөрүп берүү маселеси көтөрүлөт.
Эске салсак, бүгүн эки тараптуу жана тар чөйрөдө талкуулар болуп, эртең кеңири формтта отурум болмокчу.