Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:03
Аср
17:23
Шам
20:16
Куптан
21:23

Көз тийүүдөн кантип сактанабыз?

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): “Көз тийүүнүн бар экени анык” – деген . Көз тийүүнүн чындык экени – элдин тажырыйбасы менен да, илимий изилдөөлөрдүн натыйжасы менен да аныкталган. Чынында, ааламда биз түшүнбөгөн, түшүндүрө албай турган сырдуу кубулуштар али көп. Ошондуктан көз тийүүдөн сактануу үчүн материалдык гана эмес, дуба жана Аллахка сыйынуу сыяктуу руханий жана диний себептерди да аткаруу кажет. Көз тийүүдөн сактануу үчүн төмөнкү нерселерге көбүрөөк көңүл буруу керек:

“Фатиха”, “Аятал Курси” “Фалак” жана “Наас” сүрөлөрүн окуу;

Эртең менен жана кечинде окулчу зикр сөздөрүн айтуу;

Элдин назарын өзүнө буруудан, алардын кызыгуусун жана көралбастыгын пайда кыла турган кийимдерди кийүүдөн жана ушундай иш аракеттерди аткаруудан сактануу;

Өзүнө аябай жаккан же өтө жакшы көргөн нерсени көргөндө, айрыкча наристелерди көргөн учурда “Маашаллах же бааракаллах” деп айтуу. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): “Ким өзүнө абдан жаккан нерсени көрсө, “Маашаллах, баракаллах” десин, ошондо караган нерсесине көз тийбейт” деген.

Ал эми көз тийген адам мындай иштерди жасоосу керек:

Көз тийген адам өзүнө Куран аяттарын жана хадистерде айтылган дубаларды айтып дем салат. Муну “Рукия” деп атайт. Жебирейил периште пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) үйрөткөн мындай рукия дубасы бар: “Бисмиллахи уркика мин кулли шайин юьзика мин кулли хасадин ва аьйнин ва Аллаху яшфиика”. Дубанын мааниси: “Аллахтын аты менен, Сага зыян берген бардык нерседен, ар бир жандын көралбастыгынан жана жаман көздөн сага кайтарып дем салам, Шыпаа берүүчү – Аллах гана”.

Ошондой эле көз тийген адамдын башына колун коюп: “Аллахумма Роббан-наас азхиб ал-баъс, вашфи анта-Шаафи лаа шифаъа илла шифаук, шифааъан лаа йугаадиру сакоман” деген дубаны үч жолу айтса да болот Дубанын мааниси: “Аллахым, адамдардын Раббиси, ооруну кетирүүчү, шыпаа бер, Сен шыпаа берүүчүсүң, Сенин шыпааңдан башка эч шыпаа жок, ооруу кайра кайталанбай тургандай шыпаа бер”.

Көз тийүүдөн сактануу үчүн эл арасында ар кандай ырым-жырымдар да колдонулуп келет. Мисалы, көз мончок, тумар тагынуу, ички кийимдерди тескери кийип алуу, көз тийди деп болжолдогон адамдын этегин кесип күйгүзүү ж.б.у.с. Бирок булар шариятка каршы келген иштер. Аалымдар жаш балдарга гана же алардын бешигине Фатиха сүрөсүн жазып илсе болот дешкен. Башка нерсени тагууга болбойт. Ал эми наристенин маңдайына көө сүртүп коюу, колуна көз мончок тагуу сыяктуулар бул көргөн адамдын көзү балага эмес ошол нерселерге түшсүн деген ишеним менен болгон. Эгер мына ушул нерселер баланы көз тийүүдөн сактайт деген ишеним болсо, анда бул көп кудайлуулукка алып баруучу иш катары эсептелип тыюу салынат.