Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Сириядагы казакстандык балдар мекенине кайтарылат

Казакстандын элчилиги жана консулдук кызматы Сириядагы казакстандык балдардын өздүгүн тактоо иштерин жүргүзүүдө. Согуш талааларында табылган балдарды өз мекенине кайтаруу пландалууда.

Маалыматка ылайык, соңку күндөрү 11 адам мекенине кайтарылган. Алардын экөө аялдар жана 9 бала.

Учурда балдардын саны так аныктала элек. Эгер баласы Сирияга кеткенин ата-энелер же бир туугандары билдирген болсо, консулдар тез арада табуу аракетин кылышаары белгилүү болду.

Дипломат Ардак Мадиевдин айтымында, кайтарылган балдар ал жакта бир нече жылдан бери жашашкан жана алар согуш талаасында эмнеге үйрөнгөнү белгисиз. Ошол себептүү, аларды жай турмушка көндүрүү, радикалдашкан көз караштарын өзгөртүү багытында иш алып баруу керек.