Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:03
Аср
17:23
Шам
20:16
Куптан
21:23

Путин бардык өлкөлөргө чакырык салды

Орусиянын президенти Владимир Путин бардык өлкөлөрдү химиялык курал запастарын жок кылууга чакырды.

Путин Химиялык куралдар келишимине тарапташ өлкөлөрдүн 22-конференциясынын катышуучуларына саламдашуу билдирүүсүн жөнөттү.

Орус лидер билдирүүсүндө: «Химиялык куралдарга ээ болгон өлкөлөрдү Орусиядан үлгү алууга жана химиялык курал запастарын эң кыска мөөнөттүн ичинде жок кылуу үчүн ар түрдүү аракетти жасоого чакырабыз»,-деди.Путин келишимге тарапташ болбогон өлкөлөргө да келишимге кошулууну сунуштады.

Орусия колундагы акыркы химиялык курал запасын 27-сентябрда жок кылган болчу.

Куралдар жок кылынган аянтта сөз сүйлөгөн Путин, өз өлкөсүнүн тескерисинче АКШнын колундагы химиялык куралдарды жок кылууга карата жоопкерчиликтерин орундатпаганын белгилеген болчу.