Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Ас- Сиси: “Бүгүнкү террорчук чабуул жоопсуз калбайт!”

Египеттин президенти кечээги террордук чабуулдун себепчилери жазасын калбай турганына сөз берди.
Tasnim агенттиги египеттик ЖМКаларга шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, өлкөнүн президенти Абдуль –Фаттах ас- Сиси, Египет террорчулукка каршы согушта сөзсүз түрдө жеңишке жетээрин баса белгилеп кеткен. Ал мындай деди: Бул жынаят жазасыз калышы мүмкүн эмес. Ошондой эле бул кол салууга себепчи болгондор жана террорчуларды камсыздагандар “Адилеттик сотуна” тапшырылып берилишет.
Египет президенти Синай жарым аралындагы мечитте кол салган террорчулардан өлкөнүн куралдуу күчтөрү жакын арада өч алаарын белгилеп кеткен. Ас- Сиси мындай деди: Египет дүйнөлүк өлкөлөрдүн атынан террорчулук менен күрөшмөкчү жана бул жардыруу биздин чечкиндүүлүгүбүзгө кубат кошту.
Эске салсак, жума күнү “ар- Рауда” айылындагы мечитте жардыруудан 235 адам курман болуп, 100дөн ашууну жаракат алышкан. Бул кайгыга байланыштуу Египет президентинин буйругу менен өлкөдө 3 күндүк аза күтүү жарыялаган.

Видео: