Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Иран, Түркия жана Орусия президенттери Сирия маселесин талкуулашты

Сириядагы кырдаалды жөнгө салууга толук мүмкүн. Бул тууралуу Владимир Путин Сочиде Иран, Түркия жана Орусия президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн башталышында билдирди.

Анын айтымында, азыр Сириядагы жарандык согушту токтотууга мүмкүнчүлүк бар, бирок саясий чечим тараптардын баарынан, анын ичинде Сириянын Москва колдогон өкмөтүнөн да талап кылат. Ошону менен бирге, тараптардын биргелешкен аракеттерин Сирияны толугу менен террористтерден бошотууга жетише алаарын мындан ары Сириянын согуштан кийинки кризистен чыгаруу маселелери талкууланганын билдирди.

Эске салсак, 21-ноябрда Путин Сирия маселесин АКШнын президенти Доналд Трамп менен телефондон талкуулаган.

Ал эми, Сириянын оппозициячыл топтору келерки аптада Женевада БУУнун демөөрчүлүгү менен башталуучу тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасына бирдиктүү делегация жиберүү маселесин талкуулоо үчүн 23-ноябрда Сауд Аравияда жолукканы жатат.