Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе отставкага кетүүдөн баш тартты

Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе партиялаштарынын жана аскерлердин күткөнүндөй отставкага кетпей турганын билдирди.

Анын айтымында, ал декабрь айында башкаруучу партиянын конгрессинде төрагалык кылмакчы. Мурунураак партиянын борбордук комитети аны төрагалыктан түшүргөн болчу. Мындан кийин ал отставкага кетээрин жарыялашы күтүлгөн, бирок андай болгон жок.

Анткени менен ММКлар Мугабенин отставкага кетүүгө макулдугун бергенин жазышууда. РИА Новости агенттиги өздүк булагына таянып, президенттин отставкага кетүүсү үчүп армия анын кол тийбестигин жана мүлкүнүн конфискацияланбашына кепилдик берилгенин кабарлады.

Эске сала кетсек, өлкөнүн армиясы улуттук телеканалды басып алып, президент жана анын үй-бүлөсү коопсуз жайда экенин билдирген. Ошол эле учурда, аскерлердин бул аракеттери төңкөрүш эместигин дагы белгилешкен.

Армиянын бул аракеттери президентин өзүнүн орун басарын жумуштан алгандыгы менен байланыштуу деген пикирлер айтылууда.