Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Евробиримдик Мьянмада рохинжалардын маселесин талкуулап жатат

Евробиримдик рохинжалардын маселесин тынчтык жолу менен чечүү аракетин көрүүдө. Маалыматка ылайык, уюм Бангладештин өкмөтүнө кычкындарды кабыл алуу жана жайгаштырууга жардам берерин, Ал эми Мьянма бийлигине жеринен кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтөөрүн жарыялады.

Бул тууралуу ЕБдин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Федерика Могерини билдирди. Ал жекшемби күнү Бангладештеги качкындардын эң ири лагери Кутупалонгго барган.

Анын айтымында, ЕБ дайыма сүйлөшүүлөргө орун берип келген. Ошондой эле, ал Мьянма бийлигине Кофи Аннандын планы баш болгон бир нече вариант сунуштаганын кошумчалады. Мьянманын лидери Аун Сан Су Чжи бул пландарды ишке ашуу боюнча өкмөткө тапшырма берип, ага колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

Эске сала кетсек, Мьянмада 50 мамлекеттин лидерлерин бириктирген “Европа-Азия” форуму өтүп жатат. Иш чаранын негизги маселеси рохинжалардын абалын жөнгө салуу болмокчу.

БУУнун маалыматы боюнча, 620 000 рохинжалар Мьянманын Ракхайн аймагында болгон окуядан кийин Бангладешге качып кетишкен.