Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Cауд Аравия - Иордания аскердик машыгуусу

Сауд Аравия менен Иорданиянын «Йермук – 2» аттуу аскердик машыгуусу аяктады.
Сауд Аравиянын Амман элчилигинин басма сөз офисинен берилген маалыматка караганда Иорданиянын түндүгүндө өткөрүлгөн эки өлкөнүн аскердик күчтөрү катышкан «Йермук – 2» машыгуусу аяктады.

Биргелешкен аскердик машыгуунун аякташы менен өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөгөн Сауд Аравиянын Түндүк аймагынын командири Фехд бин Абдуллах ел - Матир Иорданиянын араб аймагында террор коркунучуна каршы күрөшкөн «Чечкиндүүлүк борошосу» операцияларына катышкандыгын эске салып, мындай биргелешкен машыгуулардын аскердик күчтү өнүктүргөндүгүн, офицерлердин аскердик башкаруудагы жетишкендигин арттыргандыгын белгиледи.

Матир машыгуунун террордук коркутууларга ылдам түрдө каршылык көрсөтүү, тоскоолдуктарды ашуу, ылдам чечим чыгаруу, аскердик операцияларды күчтөндүрүү жана катышуучулардын арасында кызматташтык менен координацияны арттыруу максаты менен өткөрүлгөндүгүн айтты.