Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Афганистанда согушкерлердин чабуулунан 8 полиция каза болду

Афганистандын Фарах аймагында согушкерлердин чабуулунан сегиз полиция кызматкери каза болду. Бул тууралуу аймактын губернаторунун расмий өкүлү Мохаммед Насер Мехри билдирди.

Анын айтымында, куралдуу жоочулар полиция бекетине 13-ноябрга караган түнү кол салышкан.

Бир нече саатка созулган кармаштын натыйжасында, жоочулар жок кылынганы маалым болду. «Талибан» кыймылы менен байланышта болгон деген шек менен полиция кызматкерлеринин бири кармалды. Учурда чабуул үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өз мойнуна ала элек.

Өткөн айдын соңунда ушул эле провинциядагы өткөрмө бекетте кол салуу болуп, натыйжада тогуз афган аскери каза болгон.