Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Ирандагы жер титирөөдөн курман болгондордун саны өсүүдө

348 адам каза таап, 2504 адам жаракат алышты. Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, 7.3 баллдагы жер титирөө кечээ түндө Ирандын Керманшах провинциясында катталып, бир аздан соң Иран- Ирак чегараларынын тегерегинде 4.6 даражадагы жер титирөө кайталанган. Белгилей кетсек, кечээги жер титирөө көбүнчө Ирандын Хамедан, Арак, Занжан, Ахваз, Илам, Санандаж, Керманшах, Табриз, Урмие, Ардабиль жана бир канча шаарларда катталган. Эң көп жабыркагандар Керманшах провинциясында экени такталып, бул аймакка сапар тартуу кооптуу болгондуктан убактылуу тыюу салынып, 3 күн аза күтүү жарыяланган.