Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

ЮНИСЕФ: Дүйнөдө 300 миллион бала тарбиялоонун катаал түрүнөн жапа чегип келет

Photo: 
Body: 

Дүйнөдө 300 миллионго жакын бала үйүндө аларга кам көргөн адамдар тарабынан психологиялык агрессияга же жазалоого кабылат. Бул тууралуу БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) “Тааныш жүз: балдардын жана өспүрүмдөрдүн жашоосундагы зомбулук” аттуу жаңы глобалдык отчетунда билдирет.
Маалыматка ылайык, зомбулукка кабылган балдар экиден төрт жашка чейинки курактагы балдардын – төрттөн үч бөлүгүн түзөт. Башкача айтканда, дүйнөдө ар бир 7 мүнөт сайын бир өспүрүм зомбулуктан көз жумат.
Изилдөөнүн жүрүшүндө 28 өлкөдөн түшкөн маалыматтарга караганда, орточо эсеп менен жыныстык катнашка мажбурланган өспүрүм кыздардын 90% биринчи жолу зордуктаган кылмышкерди таанышарын айтышкан. Алты өлкөдөн түшкөн маалыматтарга караганда, эркек өспүрүмдөргө карата сексуалдык зомбулук жасаган кылмышкерлер адатта достору жана классташтары болоору аныкталган.
БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Мунир Мамедзаденин айтымында, аялдардын жана балдардын абалына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча, Кыргызстанда балдардын 57% үйүндө тарбиялоо максатында дене бойлук жазалоого кабылышат.
Кошумчалай кетсек, үй-бүлөдөгү зомбулуктун курмандыктары жана балдарга ташбоор мамиленин күбөлөрү тынымсыз байланыш линиясына – 111 номуруна чалса болот. Бул номер КР Эмгек жана өнүгүү министрлигине караштуу иштейт.

Календарь

Пн
Вт
Ср
Чт
Пт
Сб
Вс
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 
November 2017
 

Ай календары

Шавваль - Зуль-ка да 1439
Вс Пн Вт Ср Чт Пт Сб
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18