Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Саудияда Аравияда 11 төрөл кармалды, алардын бирөө дүйнөнүн бай адамы

Сауд Аравияда падышалык үй-бүлөнүн бир нече мүчөлөрү менен учурдагы жана мурдагы бийлик өкүлдөрүнөн ондогон адам кармалганы маалым болду. Алар паракорчулук боюнча айыптылып, камакка алынган. Камакка алынгандар: ири Сауд ишкерлери жана Citigroup эл аралык каржы конгломератынын биргелешкен ээси аль-Валид бин Талал. Бул тууралуу “Медуза” кабарлайт. Маалыматка ылайык, бул окуянын арты менен бийлик Сауд тактысынын мурасчысы ханзаада Мухаммад ибн Салмандын күчүн бекемдейт.

Камакка алынгандан бир нече саат мурда падыша Салман бин Абдул-Азиздин буйругу менен анын мураскору- ханзаада Мухаммад ибн Салман жетектеген жемкорлукка каршы күрөшүү комитети түзүлгөн. Падыша улуттук телеканалдан мыйзам коомдун акчасына кол салгандарды, уурдап же кыянаттык менен пайдалангандарды жазалааарын айткан.

New York Times билдиргендей, кармалган ишкерлерди жайгаштыруу максатында Эр-Рияддагы Ritz Carlton мейманкасы толугу менен бошотулган. Гезиттер жазгандай, борбордук аэропорт жеке менчик учактар үчүн жабылган. Мындай жол менен Сауд бийлиги айыпталуучулардын өлкөдөн качып кетишинин алдын алган.

Окуя боюнча жалпы түшүнүккө караганда, Мухаммед бин Салмандын колуна өлкөдөгү бардык бийликти бекемдөө көздөлүп жатат. Падышанын мындай максаттагы аракети биринчи жолу эмес. 2017-жылдын июнь айында мурдагы шахзада Мухаммад бин Наиф үй камагында экени маалым болгон. Бул аракеттер менен жогорку даражалуу төрөлөрдүн эркиндиги чектелгени айтылат. Ушул жылдын сентябрында да белгилүү мусулман диний мүчөлөрү камакка алынганы жарыяланган