Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Францияда балдарга "Жихат" ысымы койдурулбайт

Францияда баласынын атын «Жихат» койгусу келген үй-бүлөгө уруксат берилген жок.

Тулуздун чет жакасындагы Легуэвинеде жашаган бир үй-бүлөнүн баласынын атын «Жихат» койгусу келгени боюнча муниципалитеттин жооптуу кызматкерлери прокуратурага даттанды.

Прокуратура болсо бул теманы үй-бүлө сотуна алып баруу чечимин чыгарды.

Франциянын жарандык кодекси балага зыян тийгизе турган ысымдардын коюлбоосун көздөйт. Мындан мурда да балдарга шоколад маркалары «Нутелла» жана «Чилек» сыяктуу ысымдардын коюлушуна уруксат берилген эмес.

Өлкөдө мындан мурда «Жихат» ысымы коюлган балдар болсо дагы террордук акциялар менен күчөгөн исламофобия чет элдик террорист согушкерлердин «жихатчы» катары аныкталышына себеп болууда.

Араб тилинде жихат, Францияда бир топ киши аныктаганы сыяктуу «ыйык согуш» эмес, көбүнчө «күрөш» жана «аракет» сыяктуу түшүнүктү берет.

Парижде 2015-жылы 13-ноябрда болгон жана 130 киши каза тапкан терракттан кийин өлкөдө Өзгөчө кырдаал жарыяланган. Франциянын Улуттук парламенти июль айында Өзгөчө кырдаал ишке ашыруусунун алтынчы жолу узартылышына чечим чыгарган жана ушул убакка дейре 23 айлык эң узун Өзгөчө кырдаал ишке ашыруусу болду. Өзгөчө кырдаалдын жаңы террор менен күрөшүү долбоорунун мыйзамдашуусу менен 1-ноябрдан тарта соңуна чыгарылышы күтүлүүдө.