Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

ИКАБда парламенттик жана президенттик шайлоо болбой калды

Ирактын күрт аймактык башкаруусунда (ИКАБ)шайлоону кийинкиге калтыруунун Шайлоо кеңешине партиялар өз талапкерлерин көрсөтпөөсү себеп болгону жарыяланды.
Ирактын күрт аймактык башкаруусунда (ИКАБ) 1-ноябрда өткөрүлүшү көздөлгөн парламентттик жана президенттик шайлоолор кийинкиге калтырылды.

Кийинкиге калтыруунун Шайлоо кеңешине партиялар өз талапкерлерин көрсөтпөөсү себеп болгону жарыяланды.

Шайлоо кеңешинин төрагасы Хендреан Мухаммед, Рейтерске телефон аркылуу берген маалыматында талапкер көрсөтүү күнүнүн өткөн аптада толгонун жана ушул күнгө дейре узартылганын белгилеп, аймак парламентинен жаңы шайлоо күнүнүн белгиленишин талап кыла тургандарын айтты.

ИКАБдын 25-сентябрда өткөргөн мыйзамсыз көз карандысыздык референдумуна каршы Багдад аскердик бөлүктөрүн Керкүктү көздөй багыттаган жана аймакты 16-октябрда толугу менен көзөмөлгө алган. Пешмерге күчтөрү болсо туруштук бере алган жок.

ИКАБдын башчысы Месуд Барзанинин партиясы КДП жана Талабанинин партиясы КЙБнын ортосунда бири-бирин күнөөлөөлөр күчөп, оппозициядагы Горан кыймылы да ИКАБдын лидеринин кызматтан кетүүсүн талап кылган.

Керкүктү алдырып койгондон кийин туш болгон абалды «апаат» деп мүнөздөп Барзанини жооптуу көргөн Горан, «улуттук тынчтык өкмөтү» куралышын сунуштаган.

Барзани болсо Керкүктү алдырып койгондоруна атаандаш саясатчыларды жооптуу көрүп, көз карандысыздык добушунун бекер текке кетпей турганын жактаган.

Барзани мындан мурда шайлоолордо талапкер болбой турганын жарыялаган.