Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Мьянмадагы буддисттер рохинжа-мусулмандарын кайра Араканга келбесин деп чыгышты

Чыгыш Азияда жайгашкан Мьянмада буддисттер менен мусулмандардын тирешүүсүнө дагы деле чекит коюла элек. Мяньмадан Бангладешке качкан мусулман-рожинжалардын саны 800 миңден ашты. Бирок Мьянмадагы айрым буддист топтору аларды артка кайтарбоо чакырыгын таштады.

Рохинжалардын Аракан аймагына кайра келүүсүнө каршы чыккандар атайын нааразычылык акциясын уюштурган. Ага буддисттердин кечилдери да катышкан.

Ал ортодо Бангладешке жайгашкан качкын рохинжалардын тамак-ашына 434 миллион доллар керек экенин БУУ жарыялады. Ал эми ушул жуманын аягында БУУнун баш катчысынын орун басары окуя менен жеринен таанышуу үчүн конфликт зонасына барары белгилүү болду.