Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Күрт автономиясы Орусиянын колдоосуна үмүт артат

Ондогон адамдар Күртстан жана Орусиянын желектерин көтөрүшүп, Эрбил шаарындагы Орусиянын консулдугунун алдына митингге чыгышты. Демонстранттар бобордук Ирак менен болгон тирешүүдө Орусиянын колдоосуна үмүт артышаарын билдиришкен.

Эске сала кетсек, Орусия Багдаттын талабына карабастан Күрт автономиясындагы консулдугун жабуудан баш тарткан. Ошону менен катар Ирактын бүтүндүгү үчүн сөз сүйлөп келе жатат.

19-октябрда, “Роснефть” автономиянын аймактык бийлиги менен нефт түтүктөрүн модернизациялоо жана аны эксплуатацияга берүү боюнча келишимге кол койду. Бул долбоор, Орусияны Күртстандагы ири чет элдик инвесторго айлантуусу күтүлүүдө.