Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Мамлекеттик улуттук коопсуздук боюнча комитети тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын чагымчыл аракеттерине бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча өткөрүлүп жаткан контртеррористтик иш-чаралардын алкагында эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) мүчөсү кармалды.

Маалыматка караганда, кармалган адам Жалал-Абад облусунун 1986-жылы туулган А.Н. аттуу тургуну экендиги аныкталды.

Ал 2015-жылдан тарта Сириядагы эл аралык террористтик уюмдун бандиттик түзүмдөрүнүн мүчөсү болуп жүрүп, ал жактагы өкмөттүк аскерлерге каршы согуш аракеттерине катышкан.

Кыргызстанга эл аралык террористтик уюмдун
башчыларынын тапшырмасы боюнча террор чабуулдарын уюштуруу жана ишке ашыруу максатында келген.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө жайына киргизилди.
Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш чаралары жүрүп жатат.