Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Сомалиде жарылуунун кесепетинен каза болгондордун саны өсүүдө

Өткөн ишемби күнү Сомалиде болгон жарылуунун кесепетинен каза болгондордун саны 276 га жетти. Бул тууралуу өлкөнүн маалымат министри Абдирахман Омар Осман кабарлады.

Мурунураак 231 адам өмүрү кыйылганы, 275 адам жабыркаганы маалым болгон. Учурда жаракат алгандардын саны 300 гө жетти.

Эске сала кетсек, ишемби күнү өлкөнүн борбору Могадишонун Ходан аймагында, жарылуучу түзүм орнотулган оор жүк ташуучу унаа жарылган. Бийлик өкүлдөрү буга «Аль-Каида» террористик тобу менен байланышы бар «Аш-Шабаб» радикалдык уюмун күнөөлөп жатышат.