Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Тажикстан президенти Рахмон Жээнбековго куттуктоо телеграммасын жиберди

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан Сооронбай Жээнбековго куттуктоо телеграммасын жолдоду. Бул тууралуу Тажикстандын президентинин басма сөз кызматы маалымдады.

Телеграммада, Рахмон Жээнбековду куттуктап, анын жаңы кызматында ийгиликтерди каалаган. Ошондой эле Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы буга чейин түзүлгөн алакалар дагы да жакшы нукта уланаарына тилектеш экенин билдерген.

Буга чейин Жээнбековду Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев, Орусия президенти Владимир Путин, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев куттукташкан.