Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Сирия маселеси боюнча Астана сүйлөшүүлөрү октябрдын соңунда уланат

Сирияда кырдаалды жөнгө салуу үчүн гарант болгон өлкөлөр Орусия, Түркия, Иран мамлекеттери жакынкы аралыкта Астана сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги жыйынынын мөөнөтүн айтышат. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, кийинки Астана сүйлөшүүлөрү октябрь айынын аягына болжолдонгон.

Эске сала кетсек, алтынчы Сирия тууралуу Астана сүйлөшүүлөрү 14-15-сентябрда болгон. Анын жыйынтыгында Сирияда төрт тынчтык зоналарын уюштуруу чечими кабыл алынган.