Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Жээнбековдун жеңиши тууралуу кошуналар жана дүйнөлүк басылмалар эмне дейт?

Photo: 
Body: 

Кыргызстанда 15-октябрда болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгы бүгүн дүйнөлүк басылмалардын талкуусунда болуп турган чагы. Бул шайлоо айрыкча Борбор Азиядагы авторитардык режим түшүнүгүнөн арылууга болгон кадам катары бааланууда. Кыргызстанда болуп өткөн шайлоону дүйнөлүк басылмалар кандай чагылдырды? Жеңип чыккан кандидатка карата коңшу мамлекеттердин реакциясы кандай болууда?

Кыргызстан президентинин мураскеринин жеңиши Казакстанды канаатандырабы?

Баарына белгилүү болгондой Кыргызстандагы шайлоо процессине коңшу Казакстандын ЖМКлары өзгөчө кызыгуу менен көз салып турду. Казакстандагы белгилүү Tengrinews.kz. сайты “Кыргызстан президентинин мураскеринин жеңиши Казакстанды канаатандырабы?” деген темада макала жарыялады. Анда казакстандык саясатчы Ерлан Карин Жээнбеков тууралуу пикирлери менен бөлүшкөн.

«Жалпысынан алганда Кыргызстандагы шайлоо процесси тынч өттү. Буга чейин коркунучтар жаралууда, башаламандык уюштурулушу мүмкүн деген маалыматтар айың-кеп боюнча калды. Ал эми өзүм Бишкектеги жана чет жакадагы конуштарды кыдырып келдим. Албетте бул шайлоону идеалдуу деп атоого болбойт. Анткени Жээнбековдун шайланышы күтүүсүз болгон жок. Буга чейин эле анын алдыда келе жатканы белгилүү болчу. Бирок, менин жеке байкоом боюнча эл экинчи тур болот деп күткөн эле. Эгер шайлоо экинчи турга калганда, анда чындыгында эле Жээнбековдун жеңип чыгышы күмөн болуп калмак же күрөш мындан да катуу болмок”.

Эксперт Ерлан Кариндин пикиринде Казакстан үчүн кайсы талапкер жеңсе да эң ыңгайлуу вариант болуп эсептелет. Анткени Жээнбеков да, Бабанов да Казакстан менен конструктивдүү саясат жүргүзө тургандыгын айтышкан болчу дейт эксперт. Ошондой эле Жээнбековдун бийликке келишинен өтө көп өзгөрүүлөрдү күтпөй турганын да жашырган эмес. Казакстандык эксперттин пикиринде, “Жээнбеков реформалык кадамдарга барбайт. Болгону Атамбаев түптөгөн жолду сактап калып, аны улантат. Бул азыркы кыргызстандын саясий элитасы үчүн эң эле ыңгайлуу жол”.

Айдос Сарым: Атамбаев өзүнүн “Медведевин” тапты

Дагы бир казакстандык эксперт Айдос Сарым Жээнбековду Дмитрий Медведевге салыштырды. Тагыраак айтканда, “Атамбаев өзүнүн “Медведевин” тапты” деген пикирин билдирди. Эксперттин байкоосу боюнча учурдагы президент Атамбаев Орусия президенти Путиндин саясий жүрүшүн жасады. Тактап айтканда, Путин менен Медведевдин тандеминин “кыргызча” варианты катары “Атамбаев-Жээнбеков” тандемин айтса болот,-дейт эксперт Айдос Сарым.

Ал арада Казакстандын жогорку кызматтагы чиновниктери да Сооронбай Жээнбеков тууралуу пикирлерин социалдык тармактарга жаза баштады. Казакстан Сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандагы шайлоонун Сооронбай Жээнбеков лидерлик кылган алдын ала жыйынтыктарына өз пикирин Твиттер социалдык түйүнү аркылуу айтты.

“Достош Кыргызстандын президенти катары Казакстан менен ар тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгүн түшүнгөн тажрыйбалуу саясатчы С.Жээнбеков тандалды”, — деп жазды Токаев Twitter баракчасында.

Коммерсантъ басылмасы “Атамбаевдин мураскер операциясы ишке ашты

Ал эми орусиялык Коммерсантъ басылмасы “Атамбаевдин мураскер операциясы ишке ашты” деген темада Кыргызстандагы шайлоо тууралуу жазды. Анда бул шайлоону тарыхий деп атап, анын бир канча себептерине токтолгон.

Биринчиси, кыргызстанда алгачкы жолу бийлик тынч жол менен өткөрүлүп берилүүдө, Экинчиден өлкөдөгү түндүк-түштүк кланын эске алганда, Түндүк тараптан чыккан Атамбаев түштүктөн чыккан талапкерге бийлигин өткөрүп берди.

Андан ары “Коммерсантъ” басылмасы президенттик шайлоодо админстративдик ресурс көп колдонулганын, өлкө башчы Алмазбек Атамбаев жадагалса шайлоо күнү да өз мураскери Жээнбековго карата үгүттөп, оппозициячыл талапкер Бабановду катуу сындаганына токтолгон.

“Независимая газета”: “Кыргызстан мигранттарын шайлоодо гана эстейт”

Ал эми “Независимая газета” басылмасы, “Кыргызстан мигранттарын шайлоодо гана эстейт” деген темада макала жарыялады. Анда Орусияда иштеп жүргөн мигранттарды президенттикке талапкерлер шайлоого аз калганда гана эстеп жатышканы тууралуу кеп болот. Айрыкча дээрлик бир миллионго чукул мигрант эмгектенген Орусияда алардын добуш берүүсү үчүн жакшы шарттар түзүлбөгөнүн сындаган. Ошондой эле мигранттардын шайлоого катышуу процесси өзүнчө бир азап деп сүрөттөйт “Независимая газета”. Андан сырткары эгер мигранттардын баары добуш бергенде анда азыркы шайлоонун жыйынтыгы да башкача болмок беле деген суроо салган.

Орусиялык телеканалдар да Кыргызстандагы шайлоону чагылдырууда активдүүлүгүн көргөздү. Орусиялык телеканалдардын жаңылыктарында Борбор Азияда Кыргызстан алгачкылардан болуп бийликти тынч жол менен өткөргөнүнө басым жасалды. Ошол эле учурда Белоруссиянын телеканалдары да кыргыз шайлоосуна кайрылды. Анда Кыргызстандагы шайлоо электрондук негизде добуш берүү менен жүргүзүлгөнү айтылат.

Америкалык элчинин пикири

Кыргызстандагы шайлоо процесси тууралуу АКШнын Орусиядагы мурдагы элчиси Майкл Макфолл да пикир билдирди. Ал өзүнүн Твиттер баракчасында, “Аябай эле жаман. Кыргызстанда чыныгы демократиялык өлкө болуу мүмкүнчүлүгү бар эле”-деп жазды. Мындан улам эксперттер америкалык элчи Кыргызстандагы шайлоодо админресурстун колдонулганына нааразы деп эсептешүүдө.

“Кыргызстандагы шайлоо: Өзбекстан үчүн кайсы талапкердин жеңиши пайдалуу?”

Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң көп калктуу Өзбекстан да Кыргызстандагы шайлоого бул ирет өзгөчө көз салып турду. Өзбекстандагы кун.уз басылмасы “Кыргызстандагы шайлоо: Өзбекстан үчүн кайсы талапкердин жеңиши пайдалуу?”-деген темада аналитикалык макаласын жарыялады. Анда шайлоодогу негизги атаандаштар Бабанов менен Жээнбековдун өзгөчөлүктөрү, саясий көз караштарына токтолушкан.

Макалада Бабановду таасирдүү адам катары сыпаттап, бирок анын Оштогу сүйлөгөн сөзү этникалык маселени козуткандыктан өзүнө каршы курал болду деп жазылган. Ал эми Жээнбековду болсо сыпайы жана момун адам катары баалап, ал Атамбаевдин жолун улайт деген өзбекстандык эксперттер. Ал макалада:

“Албетте, өзбек калкы Кыргызстанда этникалык тирештин кайталанышын каалабайт жана бийликти күч менен басып алууга аракеттенгендердин тарапташы эмес. Өзбекстандын саясатынын негизги максаты Кыргызстан менен кыска убакытта жетишкен жакшы мамилени сактап калуу жана аны андан ары өркүндөтүү болуп саналат. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кызматка келери менен Борбор Азиядагы коңшулар менен алаканы жакшыртты. Мындан улам тышкы күчтөрдүн таасирине кирбеген жана өлкөдөгү саясий элита менен тил табыша билген адам гана Кыргызстандын президенти болсо бизге жакшы болмок”-деп жазылган.
Кыргызстандагы шайлоонун расмий жыйынтыгы үч-төрт күн ичинде чыгат. Учурда добуштарды саноо дээрлик 99% аягына чыкты. Ал эми президенттик шайлоонун жыйынтыгы жана жеңишке жеткен талапкердин биографиясы учурда Кыргызстандагы жана чет элдик басылмаларда да кызуу талкууланып жаткан кези.