Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Палестиналык Хамас жана ФАТХ кыймылдары элдешишти

Палестиналык Хамас жана ФАТХ кыймылдары Египеттин ортомчулугу менен элдешүүгө макулдашышты. Келишимдин чоо-жайы Каирде боло турган конференцияда жарыяланмакчы.

Хамас акыркы 10 жылдан бери Газа секторунда бийлик кылып келет. Ал эми ФАТХ эл аралык коомчулук тарабынан таанылган Палестинанын улуттук администрациясынын жардамы менен Иордан жээктерин көзөмөлдөп келет.

Тышкы дүйнө менен байланышы үзүлгөн жана санкциялардын шартында жашап келген Газанын жашоочулары көчөгө чыгып, улуттук арларды ырдап, майрамдык таттууларды таратып жатышат.

Эске сала кетсек, ФАТХ жана Хамастын сүйлөшүүлөрү Каирде аптанын экинчи күнү башталган.