Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Сирияда 13 миллион киши жардамга муктаж

БУУнун гуманитардык жардам координатору Панос Мустис Сирияда 13 миллион кишинин жардамга муктаж экендигин айтты.
БУУнун аймактык гуманитардык жардам комиссиясына жаңы дайындалган Мустис Стамбулда бир пресс – жыйын өткөрдү. Сирия кризиси жана аймактагы акыркы абалдар тууралуу Мустис сириялыктарга 2018 - жылы гуманитардык жардам алып баруу пландарын түзүшкөндөрүн айтты.

Кыштын келиши менен бирге жардам иштерин ылдамдатышкандарын белгилеген Мустис : «Кыш жардамдарын пландоо үчүн Түркиядабыз. Бул жерден Сирияда жана башка аймактардагы барлык актерлорду чакырабыз; гуманитардык жардамдарды саясий материалга айландырышпасын, саясий козр катары колдонушпасын»,- деди.

Сирияда кээ бир өлкөлөрдө 2, 9 миллионго жакын жарандын чукул жардамга муктаж экендигин айткан Мустис өзгөчө курчоого алынган аймактарда 400 миңге жакын кишинин жардам күтүп жаткандыгын айтты.

Сентябрь айында Раккада, Идлибде, Дейрузордо көп сандаган кишинин каза болгондугун эске салган Мустис гуманитардык жардам мекемелери менен байланышка өтүшкөндөрүн билдирди. Мустис азыркы учурда Раккада 8 миң кишинин абдан кыйын шарттарда жашап жаткандыгын белгилеп : «Дейрузордо да шарттар абдан кыйын. Бул жердеги аскердик операциялардан улам кээ бир кишилер качкын болушту. Бул кишилердин коргоого алынышы үчүн тараптарга чакыруу салабыз. Аймакта жардамга муктаж кишилерге 35 пайыздык финансылык жардам бере алабыз. Эл аралык мекемеден дагы көп колдоо күтүүдөбүз»,- деди.