Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Эрдоган Иран лидери Хасан Роухани менен Тегеранда жолугушту

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Иранга барды. Ал Иран лидери Хасан Роухани менен бетме-бет сүйлөштү.

Лидерлер ирактык күрттөрдүн көз карандысыздык боюнча референдумун сынга алышты.Сүйлөшүүдөн кийинки маалымат жыйынында Иран президенти чөлкөмдүн картасын өзгөртүүгө жол берилбеерин билдирди.Түркия менен Иранда ири күрт коомчулугу жашагандыктан бул эки өлкө Багдадды колдоп, ирактык күрттөрдүн талаштуу референдумуна каршы чыгышууда.

Эске сала кетсек, 25-сентябрдагы референдумда Ирактын Күрт автономиялык аймагында добуш берген 3,3 миллион шайлоочунун 92 пайызы Күртстандын көз карандысыздыгын колдошкон.