Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
06:19
Күн чыгышы
07:54
Бешим
13:16
Аср
16:54
Шам
18:42
Куптан
19:57

Мусулман үчүн өзүнө келүү мүмкүнчүлүгү катары тообо кылуу

Ислам түшүнүгү боюнча күнөө Алланын буйргу жана тыюу салууларына шайкеш келбегендик болуп саналат. Пайгамбарыбыз күнөөнү : «Адамдын ичин тытмалаган жана эч кимдин билүүсүн каалабаган нерсе»,- деп аныктаган. Тообо болсо, Аллага кайтуу жана багыт алуу деген мааниге келет. Мусулмандын билип туруп же билбестен жасаган күнөөлөрүнө өкүнүшү, кайрадан ал жаңылыштыктарды кылбоо ниетине кайтуусу, Аллага багыт алуусу жана андан кечирим суроо деген мааниге келет. Ушул мааниде тообо адамдын Алланы тануудан ыйманга; ага каршы чыгуудан баш ийүүгө, күнөөдөн сооп алууга жана жаңылыштан туурага карай багыт алуусу. Исламда адамдын күнөөкөр болуп жаралбаганы, бирок күнөө иштей алары кабыл алынган. Күнөө кылуудан сак болуу жана кутулуунун жолдору адамга үйрөтүлгөн. Ошондуктан эч бир күнөө кылбоо, адамдар үчүн мартабалуулук эмес. Негизги мартабалуулук кишинин кылган күнөөсүн билип тообо келтирүүнү билүүсү. Акыйкаттан да пайгамбарыбыз : «Бардык адамдар күнөөкөр, күнөөкөрлөрдүн эң кайрымдуусу тообо кылгандар. Күнөөдөн толугу менен кайткан жана тообо кылганда ал эч качан күнөө кылбаган болуп саналат»,- деп айткан.

Бул жерден кулдун тообо кылып күнөөлөрүнөн тазаланганы жана төрөлгөндөгүдөй тазалыгына кайтканын айтууга болот. Пайгамбарыбыз : «Эгерде сиз күнөө кылбаганыңызда Алла сизди жок кылып жана ордуңузга күнөө кылып, артынан тообо кылган кулдарды жаратмак»,- деген. Кылынган күнөө жана жаңылыштыктардан кутулуп руханий кирлерден тазалануунун жолу тообо кылуу. Улуу Алла : «Эй момундар! Баарыңар бирге тообо кылгыла, бейкуттукка жетишесиңер»,- деп кулдарын тообо кылууга чакырат. Алла адамдар үчүн тообо кылуунун эшигин акырына чейин ачкан. Күнөөсү канчалык болсо болсун Алла тообо кылган кулун кечирет. Кураанда бул жагдай төмөнкүчө белгиленген : «Өздөрүн аша чапкан кулдарым! Алланын ырайымынан үмүмтүңдү үзбө. Эч шексиз Алла бардык күнөөлөрдү кечирет. Себеби ал, кечиримдүү, мээримдүү». Ал үчүн мусулман Алланын кечириминен үмүтүн үзбөйт.

Кураанда Алланын тообо кылган кулдарынан ыраазы болору жана аларды сүйөөрү белгиленген. Айрыкча чоң күнөө кылгандан этият болгондордун аз күнөөлөрүнүн кечирилери да билдирилген. Ушунун негизинде Алла : «Эгерде тыюу салынган күнөөлөрдөн этият болсоңуз, күнөөлөрүңүздөрдү жабабыз жана сизди намыстуу жерге алып келебиз»,- деген.

Ушуга караганда мусулмандын тообо кылуусу диний бир милдет. Ислам аалымдары тообо кылуунун баары үчүн парз экендигин айткан. Бул милдет өмүр боюу улантылат. Тообо кылуу үчүн арачыга муктаж болбогондой эле, тообо кылуунун атайын бир убактысы менен жери жок. Адамдын убакыт жоготпостон жана өлүм менен бетме – бет келбестен күнөөсүнөн улам тообо кылуусу керек. Себеби акыркы дем тартуусунда тообо кылуусу өтпөйт. Ислам түшүнүгү боюнча күнөөлөр Алла акысы тууралуу жана кул акысы тууралуу болуп экиге түрдүү болот. Аллага ылайыктуу болушу үчүн бул эки күнөөгө байланыштуу тообонун кээ бир шарттары бар. Алла акысы тууралуу кылган күнөөлөрүнө тобо кылуу үчүн ал күнөөнү кылганына өкүнүү, толугу менен таштоо жана бул күнөөнү кайрадан кылбоодо чечкиндүү болушу керек. Кул акысы тууралуу күнөөлөрдөн тобо кылуу үчүн буларга кошумча катары акысы колунан алынган кулдун акысынын берилүүсү жана андан адалдык алынуусу керек. Усулуна ылайык тообо кылуу ушундай болот.

Күнөө кылуу адамзаттык болуу менен бирге мусулман үчүн бир кылмыш жана адамды кирдеткен факты. Азырети Пайгамбар : «Момун күнөө кылганда жүрөгүндө кара бир так пайда болот. Тообо кылат жана бул кара тактан кутулуп, күнөөсү арта турган болсо, бул кара так да чоңойот»,- деп күнөөнүн мусулмандын руханий турмушунун борбору болгон жүрөктөгү жараланууну жана бул жаралануунун бир гана тообо кылуу менен жок кылына аларын белгилеген. Ошондуктан бир мусулман күнөө кылгандан кийин дароо аракетке өтүүсү керек, Алла же адамдар менен ортосуна кирген жагымсыз нерселерди жок кылууга аракет кылуусу керек. Тообо кылуунун маңызы да мына ушул өкүнүүнү көрсөтүү. Тообо кылуу үчүн атайын бир убакыт же жер керек эмес. Бирок намаз, орозо жана зекет сыяктуу Алланын ыраазычылыгы үчүн жасалган кайрымдуу иштерден кийин таңга маал жума жана майрам күндөр менен мубарек түндөрдө тообо кылуунун дагы көп кабыл алынары билдирилген. Арафат, Кааба жана Азырети Пайгамбардын мечити сыяктуу жерлердин да тообо кылуу үчүн ылайыктуу жерлер экендиги белгиленген. Булар тообонун адеби болуп саналат.

Чын ыкластан тообо кылуу үчүн кишинин өзү үчүн эсептешүүсү, күрөшүүсү керек. Ушундайча тескери бир абалды кулдукка, соопко айландыруу мүмкүнчүлүгү жаралууда. Мындай тообо кылуу адамдын Аллага багыт алуусун, ыйманынын күчтөнүүсүнө, кайрадан турмушун улантуусуна жана үмүтүнүн улантылуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.

Категория: 

Календарь

Пн
Вт
Ср
Чт
Пт
Сб
Вс
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 
October 2017
 

Ай календары

Джумадиль Аваль - Джумадиль Акхир 1439
Вс Пн Вт Ср Чт Пт Сб
15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12