Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Кытайдагы Түндүк Корейликтер мекенине кайтып жатышат

Кытайда иштеген Түндүк Кореянын жарандары массалык түрдө мекенине кайтып жатышат.

Бул БУУнун коопсуздук кеңешинин жаңы санкцияларына байланыштуу 12-сентябрда Кытай бийлиги виза алуу жана узартуу шарттарын катаалдатканына байланыштуу.

Андан сырткары 28-сентябрда 120 күндүн ичинде Түндүк Кореянын кытайдагы бардык ишканаларын жабуу боюнча буйрук чыккан.

2017-жылдын биринчи жарымында, эки мамлекет чектешкен Даньдунь шаарында эле 20 миңден ашык корейлер иштечү. Бул сан кескин кыскарып кетти. Маалыматка ылайык, Түндүк Кореянын көптөгөн жарандары иммиграция кеңселеринде жана бекеттерде мекенине кетүү үчүн кезекте турушат.