Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Түндүк Корея коргонуу аракетин кылып жатат

Түндүк Корея өлкөнүн чыгыш аймагында коргонуу чараларын күчтөндүрүп жатат. Буга 23-сентябрда АКШнын согуштук учактарынын өлкөнүн чек арасына жакын өткөндүгү себеп болду.

Yonhap агенттиги кабарлагандай, Түндүк Кореянын радарлары американын учкучтарын кармай албай калышкандыктан эч кандай реакция болгон эмес. Бирок, бийлик аталган аймакка аскер күчтөрүн топтоо менен коопсуздук иш-чараларын аткарууда.

Эске сала кетсек, АКШнын аскер аба күчтөрүнүн согуштук учактары F-15 C учактарынын коштоосунда Түндүк Кореянын чыгыш чек ара аймагы аркылуу өтүп, түндүк чек арасына жакын барганы кабарланган.