Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:22
Бешим
13:02
Аср
18:19
Шам
21:04
Куптан
22:17

БАШ МЭЭНИН КИСТАСЫ

МЭЭНИН КААЛАГАН БӨЛҮГҮНДӨ ЖАРАЛАТ Баш мээнин кистасы (барсылдагы) кеңири жайылган жана коркунучтуу оору. Киста – бул ичинде суюктук толгон барсылдак, ал мээнин каалаган бөлүгүндө болушу мүмкүн. Көбүнчө мээ менен аны каптап турган кабыкчалардын ортосунда жаралат (арахноидалдык түрү). Анткени ал жер назик жана сезгич келип, сезгенүүлөргө жана жаракатка кабылууга жакын болот. Бул дарт узак жылдар бою өзү тууралуу кабар бербеши мүмкүн. Башкача айтканда, акырындап оорутпай чоңоё берет. Качан гана чоңоюп калганда тегеректеги мээни кысып, оорунун белгилери билинет. Киста курч кармаган жана өнөкөт болуп бөлүнөт. Ал эми жайгашкан жерине жараша 2 түргө ажыратылат. Арахноидалдык түрүн жогоруда айттык. Церебралдык киста мээнин өлгөн клеткаларынын ордунда, мээнин ичинде жаралат. КЕЛИП ЧЫГУУСУНА КУРТ, КАН АЙЛАНУУНУН БУЗУЛУШУ СЕБЕПКЕР Кистанын келип чыгышы төмөнкү себептерге байланыштуу: Тубаса (түйүлдүк кезинде мээге кычкылтектин толук түрдө жетпей калышы. Кычкылтек жетпей өлө баштаган клеткалардын ордун организм суюктук менен толтурууга аракеттенет). Баланын төрөлүү процессинде башынын кысылып калышы же врачтардын кулатып алышы. Баш мээге кандын куюлушу (геморрагиялык инсульт). Баш мээдеги шишик. Мээнин чайкалышы, жанчылышы, гематома (кан уюп калуу), баш сөөктүн сынышы. Мителик инфекция (мисалы, эхинококкоз). Энцефалит (мээнин сезгениши). Менингит. Мээдеги кан айлануунун бузулушу. ДАРТТЫН БЕЛГИСИНЕ КОЛУ-БУТТУН ЭРКТЕН ТЫШ КЫЙМЫЛДАШЫ, КУЛАККА ҮНДҮН УГУЛУШУ КИРЕТ Оорунун белгилери бир топ. Жаңы туулган балдардагы белгилер: Эмгенден кийин кусуу. Эмгегиндеги (родничок) кан тамырлардын лакылдап согуусу. Чырланып ыйлоо, начар уктоо жана башка. Чоңдордогу белгилер: Көрүүнүн жана угуунун начарлашы. Баштын кысылып оорушу, кан тамырлардын лакылдап кагышы. Уйкусуздук. Кыймылдын бузулушу. Гормоналдык системдин бузулушу. Колу-буттун жарым-жартылай шал болуусу же эрктен тыш өз алдынча кыймылдашы. Психиканын бузулушу. Булчуңдардын иштешинин начарлашы же булчуңдардын чыңалып турушу. Кулакка ар кандай үндөрдүн угулушу. Акыл-эстен тануу, калтырап-титирөө. Көңүл айлануу, кусуу. Аксап басуу жана башка. Оорунун белгилери кистанын жайгашкан жерине жана өлчөмүнө жараша болот. Анткени мээнин ар бир бөлүгү дененин тигил же бул бөлүгүн иштетип, башкарат. Мисалы, кара куш мээде болсо адам тең салмагын жоготуп, темтеңдеп басып калат. Эгер кыймылга жооп берүүчү мээнин бөлүгүндө болсо, кол-бут жакшы кыймылдабай, бара-бара жарым шалдык күтүлөт. Эгер көрүүнү башкаруучу бөлүк жабыркаса, көз жакшы көрбөй баштайт жана башка. Кокус киста чоңоюп тегеректеги мээни кысып баштаса, анда оору белгилери көбөйөт жана оор түрдө болот. Эгер киста бар болуп, адам башынан жаңы жаракат алса же мээге кан куюлса, же кан айлануу бузулса, же инфекцияга кабылып дарыланбаса, анда оору татаалдашат жана өмүргө коркунуч туулат. КИСТА ЖАРАКАТТАН БОЛСО ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛАТ Диагноз Бул үчүн магниттик-резонанстык томография, кан тамырлардын допплери, компьютердик томография аркылуу текшерүү керектелет. Дарылоо Жаңы туулган балдардын 40 пайызга жакыны киста менен туулушат. Бирок ал бала 6-7 айга толгуча кетип калат. Кетпей калгандарына дарылоо жүргүзүлө баштайт. Чоңдордо дарылоо кистанын өлчөмүнө жана келип чыгуу себептерине жараша жүргүзүлөт. Мисалы, киста мите курттан жана жаракаттан улам пайда болсо, анда операция жасалып, алынып салынат. Эгер менингит же энцефалит сыяктуу оорудан жаралса, анда антибиотиктер жана башка дары-дармектерди колдонуп, убак-убагы менен дарылашат. Башкача айтканда, консервативдүү дарылоо жүргүзүлөт. Мындай дарылоо менен кистаны кетирүү кыйын, андыктан врачтын көзөмөлүндө болуп 1 жылда 2 ирет текшерүүдөн өтүп, 2 ирет дарыланып туруу кажет. Врач текшерүүлөрдүн жыйынтыгына карап кистанын өлчөмүн (кичирейдиби, чоңойдубу) көзөмөлдөп турат. ДАРЫЛАНБАСА МЭЭГЕ СУУ ТОЛОТ, ӨЛҮМ КҮТҮЛӨТ Дарыланбаса гидроцефалия (мээге суунун топтолушу), мээнин сезгенүүсү жаралып, өлүмгө жетиши мүмкүн. Андыктан убагында дарылануу зарыл. Өзүн карап, оор жумуш жасабай, күнгө жана бийикке чыкпай, стресстен качып, унаа айдоодон алыс болуулары зарыл. Оору жаралбашы үчүн жаракатка, ооруларга кабылуудан алыс болуп, спортко жакын болуу зарыл.