Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Кремль АКШ менен Түндүк Кореянын кайым айтышуусуна каршылык көрсөттү

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков,маалымат жыйынында АКШ менен Түндүк Кореянын эки тараптуу билдирүүлөрүнө көңүл бурду
Орусия, Корея жарым аралындагы чыңалуунун АКШ менен Түндүк Кореянын катуу жана коркутуучу билдирүүлөрүнөн улам күчөп кетиши мүмкүн деп тынчсызданып жатканын билдирди.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, маалымат жыйынында АКШ менен Түндүк Кореянын эки тараптуу билдирүүлөрүнө көңүл бурду.

Песков: «Москва, тараптардын бири-бирилерине карай катуу жана коркутуучу билдирүүлөрүнүн себебинен Корея жарым аралында чыңалуунун күчөп кетишинен тынчсызданып жатат»,-деди.

Катчы Песков, Москва башкаруучулугунун тийиштүү бардык тараптарды тынчтанууга жана чыңалууну дагы да курчутуудан алыс турууга чакырганын да билдирди.