Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

ЗЕКЕТКЕ БЕРИЛҮҮЧҮ МАЛ-МҮЛКТӨР

. АКЧА, АЛТЫН ЖАНА КҮМҮШБүгүнкү күнү кагаз же металл акча каражаты илгерки доорлордо колдонулган алтын-күмүш акчанын кызматын өтөп келет. Андыктан алтын-күмүш сыяктуу эле акчанын да зекетин берүү керек.

Акча, алтын, күмүш жана соода мүлктөрү кошулганда 80 грамм алтынга тете болсо, зекет берүү зарыл.

Зекетке акча, алтын жана соода мүлктөрүнүн кырктан бир бөлүгү (демек, 2.5 пайызы) берилет.

Бул өлчөмдөр Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алейхи васалламдын сүннөтү менен тастыкталган (Бухари, Зекет, 32, 38).

Алтын-күмүштүн зекети анын салмагын эсептөө менен берилет. Демек, 100 грамм алтындын зекети 2.5 грамм алтынга же ушуга тете акча каражатына туура келет.
Алтын-күмүштөн кооздук үчүн жасалган буюмдардын да (м: идиш-аяк, аялдардын сөйкө-шакектери) зекетин берүү зарыл.

Алтын-күмүштөн сырткаркы металлдардан кооздук үчүн жасалган буюмдардын зекетин берүүнүн кажети жок. Ошону менен бирге эгер булар материалдык каражат катары сакталып жаткан болсо, анда мындай буюмдардын да зекетин берүүгө туура келет. Тагыраак айтканда, зарылчылык учурда сатып акчага айлантуу үчүн сакталган мындай буюмдар да акча өкүмүнө киргендиктен, алардын да зекетин берүү керек.

Таза эмес алтын-күмүштөн, башкача айтканда, алтын-күмүш менен башка металлдын аралашмасынан жасалган буюмдарда кайсыл металлдын составы көбүрөөк болсо, ошого жараша өкүм өзгөрөт. Асыресе, мындай буюмдардын зекети акча иретинде бериле турган болсо, анын баасын эске алуу керек.

. СООДА МҮЛКҮНҮН ЗЕКЕТИ

Соода максатындагы мүлк кайсы түрдөн болсо да, андан зекет берүү зарыл. Буга сатуу үчүн багылган жаныбарлар да кирет.

Соода мүлкү 80 грамм алтынга тете болгондо, анын да зекети талап кылынат. Соода мүлкү буга жетпесе да, негизги муктаждыктарынан тышкаркы акчасы, байлыгы кошулганда 80 грамм алтынга жетсе, зекет берүү зарыл.

Соода мүлкүнүн зекетин эсептөөдө карыздар эске алынат.

соода мүлкүнүн зекетин сөзсүз түрдө соодадагы мүлк түрүнөн берүү керек деген шарт жок, акча түрүндө да берсе болот.

. ИМАРАТ, ТУРАК-ЖАЙ ЖАНА УНАА СЫЯКТУУ КИРЕГЕ (аренда) БЕРИЛГЕН МҮЛКТӨРДҮН ЗЕКЕТИ

Жогоруда белгиленгендей адамдын негизги муктаждыктарынын (м: турак-жай) зекети болбойт.

Ал эми киреге берилген үйлөрдөн түшкөн киреше шарият боюнча белгиленген өлчөмгө жеткенде, же ошол киреше адамдын мал-мүлкүнө кошулганда 80 гр алтынга жетсе, анын 2.5 пайызын зекетке берүү керек. Киреге коюлган унаалардан түшкөн кирешелер да ушул таризде зекет берүүнү талап кылат.

Соода-сатыктагы жерлер, үйлөр жана батирлер (квартира) да соода мүлкү сыяктуу зекетти талап кылат. Булардын баасынан 2.5 пайызы зекет иретинде берилиши керек.

. АЙЛЫК АКЫДАН ТҮШКӨН КИРЕШЕНИН ЗЕКЕТИ

Жумушчулардын айлык маянасы, дарыгердик, инженердик, куруучулук, чач тарачтык, тигүүчүлүк сыяктуу кесип ээлеринин кирешелери негизги муктаждыктардан тышкары белгиленген өлчөмгө жеткен күндөн тарта бир жыл өткөн соң (эгер киреше белгиленген өлчөмдөн азайбаса) зекетин берүү кажет.

Ошондой эле айлык маяна шариятта көрсөтүлгөн өлчөмгө жетпесе да, аны негизги муктаждыктардан тышкаркы мал-мүлккө кошкондо береги өлчөмгө (б.а. 80 гр алтынга) жетсе, зекет берүү зарыл.

ЗАВОД-ФАБРИКА ӨНДҮРҮШТӨРҮНӨН ТҮШКӨН КИРЕШЕНИН ЗЕКЕТИ

Кичи же чоң өндүрүш мекемелеринин имараты, өндүрүштө колдонулган шаймандар зекеттин эсебине кирбейт. Т.а. булардан зекет берилбейт.

Өндүрүш мекемелеринен түшкөн кирешенин жана андагы иштетиле элек каражаттын 2.5 пайызы зекет катары берилиши керек. Мисалы, бут кийим тигүүчү фабрикада бут кийим үчүн колдонулуучу каражаттар (м: тери), тигилген бут кийимдер жана алардан түшкөн киреше да зекетти эсептөө учурунда эске алынышы кажет.

. МАЛ-ЖАНДЫКТАРДЫН ЗЕКЕТИ

Кайсыл жаныбардан канчасы зекет үчүн бериле тургандыгы Азирети Пайгамбарыбыздын сүннөтү менен тастыкталган.

Азирети Пайгамбарыбыздын, сахабалардын учурунда кой, уй, төө жандыктарынан зекет алынган. Эчкилер кой түрүнө, буйволдор, топоздор уй түрүнө кирет.

Мал-жандыктардын зекетин алуу үчүн алар жарым жылдан ашык, б.а. алты айдан ашык убакыт жайытта багылышы керек. Жарым жылдан ашык акырда (короодо) кармалган мал-жандыктарды зекетке берүүгө болбойт. Эгер мал-жандыктар короодо сатуу үчүн багылып, киреше алып келип жатса, алардан түшкөн киреше акча иретинде нисап өлчөмүнө жетип бир жыл өтсө, анын 2.5 пайызы зекетке берилет.

Талаа жумуштары үчүн же мингич катары колдонулган мал-жандыктардын зекети берилбейт.

Мал-жандыктардын зекетин эсептөө учурунда зекет бериле турган учурдагы сан эске алынат.

Кой-эчкинин зекети 40 баштан башталат.
40-120 койдон бир жашар 1 кой,
121-200 койдон 2 кой,
200-399 койдон 3 кой,
400-500 койдон 4 кой зекетке бөлүнүп берилиши керек.

Уйдун зекети 30 баштан башталат.
30-40 уйдан эки жашар ургаачы же эркек 1 бодо мал
40-60 уйдан үч жашар ургаачы же эркек 1 бодо мал
60 уйлуу болгондо бир жашка толгон эки торпок берилет. Андан кийин ар 30 уй үчүн бир торпок, ар бир 40 уй үчүн эки жашка толгон 1 бодо мал зекетке берилет.

Төөнүн зекети 5 баштан башталат.
5-9 төөдөн бир кой,
10-14 төөдөн эки кой,
15-19 төөдөн үч кой зекет катары берилиши зарыл.

З. ЖОГОРУДА БЕЛГИЛЕНГЕН МАЛ-ЖАНДЫКТАРДАН ТЫШКАРКЫ ЖАНДЫКТАРДЫН ЗЕКЕТИ

Бүгүнкү күнү акча табуу жана соода кылуу үчүн багылган жандыктар соода мүлкү сыяктуу зекетти талап кылышат. Алардын да баасы белгиленген өлчөмгө жеткенде 2.5 пайызы зекет иретинде берилиши кажет.

Тоок чарбасында тооктор эт-азык үчүн багылып сатылып жаткан болсо, чарбадагы бардык тооктордун баасы белгиленген нисап өлчөмүнө жетсе, анын 2.5 пайызы зекет катары берилет.

Тооктор эт-азык үчүн эмес, жумуртка үчүн гана багылып жаткан болсо, жумурткадан түшкөн кирешеден зекет талап кылынат.

Ал эми тооктор эт-азык үчүн да, жумурткасын сатуу үчүн да багылып жаткан болсо, эттен да, жумурткадан да түшкөн кирешелердин кошундусунан зекет берилиши керек.

Тоок чарбасынан тышкаркы чарбалар да ушул таризде зекетти талап кылат.

Соода-сатык үчүн багылган жаныбарлардын зекети санына эмес, баасына жараша берилет. Баасы шариятта белгиленген өлчөмгө жетсе, анын зекети 2.5 пайыз өлчөмүндө берилет.

. ДАН-ЭГИНДЕРДИН ЗЕКЕТИ

Өсүмдүктөрдүн зекети «үшүр» деп аталат.

Үшүр берүү үчүн жери бар адамдын балагатка жеткен, акыл-эси толук болушу шарт эмес. Ислам аалымдары, өсүмдүктөн алынган түшүмдүн 10 же 5 пайызы зекет иретинде берилиши керек деген пикирди бир ооздон кабылдашкан

, ар түрлүү эгиндин зекетин берүү керек. Бул жаатта белгилүү бир өлчөмгө жетүү деген шарт жок. Ошондой эле кээ бир аалымдардын пикиринде 650 килограммдан аз түшүм алган адам үшүр бербесе да болот. Алар бул пикирди ушул мааниде айтылган хадиске таянуу менен айтышкан.

Суу ташуу жолу менен сугарылган жерлерден алынган түшүмдүн 5 пайызы (1/20) үшүр катары берилиши керек. Ал эми жамгыр же арык аркылуу сугарылган жерлерден алынган түшүмдүн 10 пайызы (1/10) зекетке берилет.

Бүгүнкү күнү сугаруудан тышкары жерге жерсемирткич берүү, унаага кеткен май, жумушчулардын акысы сыяктуу маселелерден улам айрым аалымдар ушундай жол менен өстүрүлгөн эгинден түшкөн түшүмдүн 5 пайызы үшүр катары берилиши керек дешет.

Ошондой эле мөмө-жемиштердин зекети мөмө-жемиш толук жыйналгандан кийин, дан-эгиндердин зекети (үшүрү) түшүмү алынган чакта берилет.

Жерден түшүм алынган сайын үшүр берилиши керек. Жер ээси акыл-эсинен ажыраган же жаш бала болсо дагы анын талаасында өстүрүлгөн түшүмдүн зекети берилет. Муну анын муктаждыктарын моюндаган адам берет.

Жер ээси жерин киреге (арендага) берсе, зекетти (үшүрдү) жер ээси, жерди киреге алган адам бериши керек. Бул маселени жер ээси менен киреге алган адамдын ортосунда түзүлгөн келишим боюнча да чечсе болот. Эмнеси болгон күндө да, өндүрүлгөн түшүмдүн үшүрү берилиши керек.

Жер ээси менен жер иштеткен адам өндүрүлгөн түшүмдү жарым-жарымынан бөлүшүүгө макулдашкан болсо, эки тарап тең өзүнө түшкөн үлүштүн зекетин бериши зарыл.

БАЛДЫН ЗЕКЕТИ

Балчелектен алынган балдын 10 пайызы зекет катары берилет. Бул пикир дан-эгиндердин үшүрүнө салыштырылган. Бал менен соода кылган адамдар соода мүлкүнүн зекети сыяктуу нисап өлчөмүнүн 2.5 пайызын зекет иретинде беришет.

Категории: