Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:03
Аср
17:23
Шам
20:16
Куптан
21:23

Ата-энеге дуба кылуунун пайдасы

Күндөрдүн биринде Азирети Алиге бир киши келип: Эмнегедир ырыскым тарып баратат, - деп арызданат. Анын себебин билгиси келген Азирети Али тиги кишиден: Мүмкүн сен өзүңө тиешелүү болбогон калем менен жазып жаткан чыгарсың? - деп сурайт. Тиги киши: Жок, мен өзүмдүн эле калемим менемн жазам, - дейт. Азирети Али: Анда сен сынык тарак менен чачыңды тарап жүрбө? - деп сурайт. Тиги дагы: Жок, - деп жооп берет. Азирети Али: Андай болсо сен өзүңдөн жашы улуу адамдардын алдында басат окшойсуң? - дейт. Тиги: Жок, мындай кылбайм, - дейт. Азирети Али: Мүмкүн сен багымдат намазынан кийин кайра уктайттырсың? - деп сурайт. Тиги: Жок, уктабайм, - деп жооп кайтарат. Азирети Али: Андай болсо сен ата-энеңе дуба кылбай жаткан окшойсуң? - дейт. Тиги: Ооба, ата-энеме көп дуба кылбайм, - деп моюнуна алат. Азирети Али: Ата-энеңди эстеп, аларга дайыма дуба кылып жүр. Мен Пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ата-энеге дуба кылбай коюу ырыскынын тар болушуна себеп болот” дегенин укканмын. Ошондуктан намаздан кийин ата-энеңе дуба кыл, дуба кылууга кеткен эки мүнөткө сараңдык кылба! - дейт. О, Алла! Тирүү жүргөн ата-энелербиздин өмүрлөрүн узун кыл! Күнөөлөрүн кечир, даражаларын бийик кыл! Өтүп кеткендерин Ырайымыңа ал! Жаткан жерлерин бейиш бакчаларынан кыл! Кыяматта баарыбызды Пайгамбардын айланасында чогуу кыла көр!