Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Сингапурда биринчи жолу аял президент болду

Өлкөнүн шайлоо комиссиясы маалымдагандай, мурун спикерлик кызматты аркалап келген Халима Якоб президент болду. 63 жаштагы Якоб 47 жылдан бери биринчи жолу малай коомчулугунун аял президенти катары тарых барактарына жазылмакчы.

Өткөн жылдын ноябрь айында кабыл алынган мыйзамга ылайык, бул жолу малай коомчулугунун өкүлү гана шайлоого катыша алмак. Бул мыйзам Якобдун эки атаандашын шайлоодон четтеткен. Өлкөнүн президентине талапкер мамлекеттик жумушта стажы же капиталы 500 миллион доллар болгон компанияны жетектеген тажрыйбага ээ болушу керек. Бул талапка жалгыз гана Якоб туура келгендиктен шайлоо болбостон автоматтык түрдө президент аталган.