Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:22
Бешим
13:02
Аср
18:19
Шам
21:04
Куптан
22:17

Жаңы муундагы терроризм

Photo: 
Body: 

Дүйнөдөгү эң байыркы террордук уюмдардын бири хашхашилер болуп саналат. Батыштыктар «Ассасин» деп аташкан бул уюм бир кишилик террор кыймылдары менен белгилүү эле. Кылыч, жаа жана ушул сыяктуу куралдарды алып жүрүүгө тыюу салынгандыктан хашхашилер буталарын, көтөрүп жүрүүгө жана жашырууга дагы оңой болгон бычак менен жок кылышчу. Хасан Саббахтын Селжук Империясына каршы түзгөн бул уюму бара-бара буйрутмалык киши өлтүргүчтөр тобуна айланды. Кресттүү рыцарлар менен катар көптөгөн күчтөр бул террордук уюмду буйрутма берип колдонушту. Хашхашилердин лидери Хасан Саббах дүйнөлүк саясат сахнасына киргизген систематикалык терроризм, кийинчерээк ар бир мезгилдин шарттарына жараша пайда болду.

Терроризм айрым учурларда уюшкан кыймылдарды ишке ашырды. Кээде да жанкечтилик ыкмасын колдонду. Ушунчалык коркунучтуу ыкмалар менен күнүбүзгө чейин уланып келе жатат. Терроризм- дүйнөдө өзгөрүүлөр болуп жатканда эң көп колдонулган зомбулук аргументи болуп саналат. Кытайдан Түндүк Европага чейин күч, бийлик жана капитал согуштарында терроризм дайыма алдыңкы катарларда турду.

1991-жылы Ирактын коалициялык күчтөр тарабынан басылып алынышынан бери аймагыбызда көптөгөн террордук уюмдар пайда болду. Бул террордук уюмдар, көбүнчө Жакынкы Чыгышта «баскынчы» катары эсептелген коалиция күчтөрүн жана алардын жергиликтүү өнөктөштөрүн бутага алды. Жакынкы Чыгышка батпай калган террордук уюмдар бара-бара өз араларында бөлүнүп калыптанды жана ар бир жаңы түзүлгөн уюм андан мурдагысынан да жаман болду.

Эгемендүү күчтөр же мамлекеттер бул террордук кол салууларга каршы чара көрүүлөрүн күчөткөн сайын терроризм өзүн жаңылады. Заманбап мамлекеттер өздөрүн коргоо механизмдерин күчтөндүргөн сайын терроризм кол салуу ыкмаларын жана куралдарын дагы да жөнөкөйлөттү.

Учурда Ислам дүйнөсүнүн жана айрым Батыш Европа өлкөлөрүнүн башкы балээсине айланган террор уюму ДЕАШтын дээрлик бардык жетекчилеринин Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр менен катар АКШ жана Канаданын жараны болушу өтө орчундуу тема.

Социологдор жана социалдык психологдор менен катар диний социология эксперттеринин бул темада олуттуу иштерди ортого салуулары керек. Жашоонун ырыхатын алган, жашоо шарттары жакшы болгон француз, немис же норвегиялык жарандардын Сирия-Ирак багытындагы оор шарттарды тандап, андан соң бир жактуу өлүм билетин алуусун алар түшүндүрүп берүүлөрү керек. Батыштын терроризмге каршы чара көрүүлөрү алсыз болууда. Бардык технологиялык мүмкүнчүлүктөр, голографиялык текшерүүлөр жетишсиз болуп жатат. Террористтер иштеп чыккан «Жаңы муундагы террор» ыкмасы менен кадимки куралдардын бардыгын четке кагышты.

Эми болсо адамдардын негизги муктаждыктарын террор аргументи жана логистикасы катары колдонуп жатышат. Жүз миллиарддаган долларлык коопсуздук дубалдары, Жаңы муундагы террорду токтото алган жок. Физикалык жана электрондук дубалдар, кагаздан дагы ичке жана күчсүз абалга айланды.

Жаңы муундагы терроризмдин террористи да эми башкача. Эски ыкма, лагерлерде машыктырылган, Рамбо сыяктуу булчуңдуу түрдөн эмес. Террордук уюмдар, согушкер даярдоо жана асыроо сыяктуу ыкмаларды токтотушту жаңы мезгилде. Эми мыкаачы террорист ири көлөмдүү, булчуңдуу, курч көздүү эмес. Өтө алсыз, ал эмес бир канча метр чуркаса чарчап калган, тамеки чеккен, ичимдик ичкен жана наркоман бириси жаңы муундагы террорист боло алат.

Акыркы Барселона кол салуусунда да көргөнүбүздөй террористтердин курал колдонуулары эми профессионалдуу эмес. Шаар ичиндеги ок атышууларда толугу менен жеңилишет. Жекеме-жеке же көчөдөгү кагылышууларда ушунчалык жөндөмсүз болгон жаңы муундагы бул террористтер, таасири күчтүү жана эч чыгымсыз кыймылдарды аткарып жатышат. Европадагы ушул жаңы кол салуу ыкмасын аткаргандардын бардыгынын Европа жарандары болушу өзүнчө талкуланышы керек болгон дагы бир тема болуп саналат.

Жаңы муундагы террористтин куралы эми тапанча, бомба же мылтык эмес. Ар бир өлкөдө мыйзамдуу болгон кадимки эле унаалар жаңы терроризмдин куралы катары колдонулууда.

Дүйнө жүзү бул коркунучтарды канчалык түшүнгөнүн так билбейм бирок көрүлгөн чаралардын жетишсиздигин көргөнүмдө үмүтүм өчкөндөй.

Европада ушул сыяктуу кол салууларга каршы көрүлгөн чаралар, учкан окту кагаз менен тосконго барабар.

Дүйнө жүзү жана өзгөчө Түркиянын эки жагы болгон Европа менен Жакынкы Чыгыш тилекке каршы бул жаңы террордун кыймыл аянтчасына айланды.

Террористтер учурда моторлуу унаалар менен жарандарга кол салып жатышат же Хасан Саббахтын шакирттери кылгандай бычак менен кыймыл кылууда.

Дүйнө жүзүнүн бул жаңы муундагы террризмге каршы эч бир тажрыйбасы жок, бирок жаңы күчтөрдү түзүүгө да кызыкдар эмес. Ал тургай, бириккен күч болууну да ойлогон жок.