Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Газада бир миллион бала жаман шарттарда жашап жатат

Балдарга жарджам мекемеси Save the Children Газа тилкесинин бир миллион бала үчүн «жашай албай турган» абалда экендигин билдирди.
Борбору Британиянын борбор шаары Лондондогу эл аралык мекеме Save the Children жарыялаган отчетунда күндө орточо эки же төрт саат электр үзгүлтүгү болуп жаткан Газада 740тан ашуун мектептин электрсиз жашоо менен күрөшүп жаткандыгын белгиледи.

Мекеме саламаттык жана чукул жардам мекемелеринин жаман шартта экендигин жана мунун балдардын өмүрүнө коркунуч жараткандыгы билдирилди. Отчетто бир топ жаман шарттар менен бирге балдардын уктоо, үйрөнүү же ойноо кыйынчылыгын тартып жаткандыгы белгиленип : «Газада бир миллион бала коркунучтуу шарттар астында жашап жатат»,- деп айтылды. Газада бир топ киши Курман айт майрамын караңгылыкта өткөрдү.

Израилди Газа тилкесине жасаган эмбаргону жоюга чакырган Save the Children эл аралык коомду да палестиналык балдардын тарткан кыйынчылыктарына каршылык көрсөтпөө менен күнөөлөдү.

БУУ да өткөн айда жарыялаган отчетунда Хамастын текшерүүсү астындагы Газа тилкесинде турмуш шарттарынын ылдам түрдө начарлагандыгы белгиленген. Отчетто чукул түрдө аракетке өтүлбөсө Газа тилкесиндеги бир гана суу булагынын 2020 - жылга чейин түгөнөрү тууралуу эскерткен. 2 миллион палестиналык жашаган Газа тилкеси 2006 - жылдан бери Израилдин кургактан, абадан жана деңиз аркылуу блокадасы астында.