Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Мьянманын бийлиги Ракхайн аймагына дагы кол салуу болгонун билдирди

Мьянманын бийлиги «Рохинжаны куткаруу үчүн Аракан армиясынын» согушкерлери Ракхайн аймагына дагы кол салгандыгын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүк Myanmar News агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, үч адамдар жашоочу аймак кол салууга дуушар болду. Террорчулар чегинүү алдында жүздөгөн турак жайларды өрттөп кетишкен. Кагылышуу учурунда бир согушкер жок кылынганы такталды.

Рейтерс агенттиги маалымдагандай, Мьянма Бангладеш менен чектеш аймагына миналарды орнотуп жатат. Бул качкындардын кайтып келүүсүнө тоскоолдук катары бааланууда.

Эске сала кетсек, 25-августта Ракхайн аймагында кырдаал рохинжа мусулмандарына кол салуудан кийин күч алган. Жабыр тарткандар бул кол салуу Мьянма аскерлери тарабынан мусулман азчылыкты куугунтуктоо максатында кылынганын айтса, бийлик өкүлдөрү радикалдуу террорчулар кылганын билдиришүүдө.