Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Йеменде абал күн өткөн сайын начарлап баратат

Холера илдети кездешпеген жалгыз провиниция аралчалардан турган Сокотра экени маалымдалды.
Йеменде холера илдети көрүнө баштаган апрель айынан бери каза болгондордун саны 2 миң 43кө жетти.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун социалдык бөлүшүү тармагындагы отчетуна караганда Йеменде холера алгач ирет көрүнгөн 27-апрелден бери өлкөнүн жалпысында 602 миң 526 холера илдетин жуктуруп алганы жана 2 миң 43 киши каза тапканы жарыяланды.

Отчетто холеранын Йемендин 23 провинциясынан 22сине жайылганы, оору кездешпеген жалгыз провиниция аралчалардан турган Сокотра экени маалымдалды.

Бир тараптан Эл аралык Кызыл крест комитетинин жазуу түрүндөгү жарыясында өлкөдө негизги саламаттык сактоо муктаждыктарынын чектелүү түрдө камсыздалганы, кагылышуулардын түздөн-түз таасиринин себебинен саламаттык сактоо системасынын бузулганы белгиленди.

Дары-дармек жана ден-соолукка керектүү шаймандардан баштап медициналык шаймандарды тышкарыдан алып келүү иштери үзгүлтүккө учураганы жарыяланган маалыматта, «Йеменде оорукана жана клиникалардын жарымынан көбү кызмат көрсөткөн жери жок. Саламаттык сактоо тармагы кыйроонун босогосунда турат»,деп белгиленди.

Йеменде 3 жылдай убакыттан бери өкмөт күчтөрү менен хусилер жана кулатылган президеннт Али Абдуллах Салихти жактоочулардын арасындагы катуу кагылышуулар тыйылбай жатат.

Өлкөнүн ар башка жерлериндеги катуу кагылышуулардын натыйжасында Йемендеги адамзат абалы күн өткөн сайын начарлап баратат.