Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Орусиядан Түндүк Кореяга чакыруу

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түндүк Кореяга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерине толугу менен шайкеш келүүгө чакырды.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түндүк Кореяга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерине толугу менен шайкеш келүүгө чакырды. Лавров Бириккен Араб Эмирликтеринин тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Шейх Абдуллах бин Зайед Ал – Нахян менен Абу Дабидеги жолугушуусунан кийин берген маалыматында : «Түндүк Кореянын жаңы ракета сынагы сүйлөшүлө турган кийинки БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Орусия бул принциптерине көңүл буруу менен кеңештин чыгара турган чечимдерине баш ийет»,- деди.

Түндүк Кореянын жаңы бир баллистикалык ракетасын сынап, Япония аркылуу өткөн ракета Тынч океанга түшкөн. БУУнун айдын башында ракета программасынан улам Түндүк Кореяга экспорт кылууга тыюу салып, бул өлкөгө жасала турган инвестицияларды чектеген жаңы санкциялардын ишке ашышын кабыл алган. Бир тараптан Лавров Сирия кризисине да токтолуп, сириялык оппозициячыл топтордун жолугуштурулушуна карата Сауд Аравия тарабынан жүргүзүлгөн процессти колдоого чечкиндүү экендерин айтты. Сирияда оппозициячыл топтордун ультиматумдарды токтотуусу керектигин да баса белгилеген орус дипломат : «Сирияда өкмөт жана оппозициянын отуруп Сириянын келечегин талкуулай башташы керек»,- деди.

Бириккен Араб Эмирликтеринин тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Ал – Хаян да Орусия менен аскердик тармактар да болуп эки тараптуу карым – катнаштарды өнүктүрүүнү каалашкандарын айтты.