Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Сирияда кол салуу

Ракка шаарынын борборуна эл аралык коалиция тарабынан жасалган абадан кол салууларда 27 жаран каза болду.
Сириянын түндүгүндө террордук уюм ДЕАШтын текшерүүсү астындагы Ракка шаарынын борборуна эл аралык коалиция тарабынан жасалган абадан кол салууларда 27 жаран каза болду.

«Ракка үнсүз өлтүрүлүүдө» аттуу активист желесинин социалдык медиадан берген маалыматында АКШнын жол башчылыгындагы коалиция учактарынын акыркы 48 сааттын ичинде Ракка шаар борборунун курчоо астындагы аймагына 133 абадан кол салуу жасалгандыгын белгиледи.

Абадан кол салуу учурунда Ракканын Ак бакча мааласындагы бир үйдүн бутага алынгандыгы белгиленген маалыматта үйдө жашаган 27 жарандын каза болгондугу белгиленди.

ДЕАШка каршы коалиция жана ПКК/ПЙД террордук уюмдун Ракка шаар борборуна карата кол салуулардан улам 450 миңге жакын жаран үйлөрүн тащтап кетүүгө мажбур болду.

Шаар борборундагы кагылышуулардан улам 30 миңге жакын жаран кагылышуунун курчоосу астында калды.