Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Курбан айт майрамы 1-сентябрда белгиленет

Быйылкы жылы улуу Курбан айт майрамы 1-сентябрда белгиленет. Мүмкүнчүлүгү жеткендер үчүн Курбан айт күндөрү бир жандыкты курбандыкка чалуусу (важиб) сооптуу амалдардан.
Курбандык – бул өзүнчө ибадат. Аны аткаруу таризин Азирети Мухаммед Пайгамбарыбыз (с.а.в) өзү көрсөтүп кеткен. Мына ошол көрсөтмө боюнча гана союлган мал курбандык болуп саналат.
Курбандык деген сөздүн мааниси "жакын болуу, Жаратканга жакындоо"-дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан Аллах Таалага жакын болуу үчүн Курбан айт күнүндө союлуучу жандык "курбандык"-деп аталат.
Жалпыңыздардын келе жаткан “Курбан айт” майрамы менен чын дилибизден куттуктайбыз. Мусулмандардын ыйык майрамы болгон касиеттүү күндөрдө элибизде жакшылык, жерибизде молчулук, өлкөбүздө тынчтык, береке болуусун Жараткандан тилейбиз.