Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Индиялык мусулмандарга «талак» берүү аркылуу ажырашууга тыюу салынды

Индиянын Жогорку соту өлкөдөгү мусулмандарга «талак» сөзүн үч жолу айтуу менен ажырашууга тыюу салды.

Өлкөдө акыркы учурда социалдык тармактар жана телефон аркылуу «талак» сөзүн жазуу менен ажырашкандардын саны кескин көбөйүп кеткендиги, укук коргоочулардын жана 5 жарандын арызы бул маселени кароого себеп болгон.

Жогорку соттун мүчөлөрү мындай жол менен ажырашуу юридикалык жана ислам дини боюнча дагы туура эместигин белгилешти. Себеби, ислам жүйөлүү себепсиз ажырашууга жол бербейт.

Сотко кайрылган коомдук уюмдун төрайымы Закиа Сомандын пикиринде, 70 жыл бою индиялык аялдар күйөсү качан талак берет деген коркунуч менен жашап келишкен.

Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди Жогорку соттун чечимин тарыхый окуя деп баалады.