Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Раккада 24 саатта 78 жаран каза тапты

Сириянын түндүгүндө террордук уюм ДЕАШтын текшерүүсүндөгү Ракка шаар борборуна 24 саатта жасалган кол салууларда 78 жаран каза тапты.
«Ракка үнсүз өлтүрүлүп жатат» аттуу активисттер желесинин социалдык медиадан берген маалыматында АКШнын жол башчылыгындагы коалициянын абадан, ПКК/ПЙД террордук уюм түзгөн Сирия демократиялык күчтөрүнүн да кол салуулары менен 24 саатта 78 жарандын каза болгондугу белгиленди.

ДЕАШка каршы коалиция жана террордук уюм ПКК/ПЙДнин Ракка шаар борборуна карата кол салууларынан улам 450 миң жаран үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду. Шаар борборундагы кагылышуулардан улам 30 миңге жакын киши кагылышуу курчоосунун астында калды.